Экс-президенттин кызын үй камакка алуу боюнча иш чарасын көрүү чечимин Чүй облустук прокуратурасы чыгарды. Ага ылайык Бермет Акаева Бишкек шаарынын аймагынан эч жакка чыкпоого, кечки саат 22:00ден эртең мененки саат 6:00гө чейин үйүндө болууга жана жабырлануучулар: Кемин райондук сотунун эки судьясы жана күбөлөр менен сүйлөшпөөгө тийиш. Облустук прокурордун орун басары Азиз Алиевдин айтуусунда Бермет Акаевага 24-апрелде Кемин райондук сотунда массалык тополоңду уюштурган деген фактынын негизинде соттун ишине кийлигишкен, иш-кагаздарын жок кылган жана сотко орой мамиле жасаган деген айыптоолор тагылды.