Мындай пикирин “Азаттыкка” коомдук жана саясий ишмер Дастан Сарыгулов билдирди. “ Президент дагы, депутаттар да Конституцияны өздөрүнө ылайыкташтырып алууну көздөп атышат. Бирок, мындай баш мыйзамды калк эч качан колдобой, талаш-тартыштар боло берет. Андыктан Конституция жалпы референдум жолу менен гана кабыл алынуусу зарыл. Ошондо саясатчылар тынчып, саясий кырдаал оңолот”,- дейт Дастан Сарыгулов .(AiJu)