Камерундун мамлекеттик радиосу Кения аба жолдоруна таандык Боинг-737 учагынын калдыктары табылганын маалымдады. Кырсыктан аман алгандар барбы же жокпу айтылган жок. Учактын бортунда 114 киши бар болчу. Боинг, Мвенге деген шаардан алыс эмес жерге кулап түшүптүр. Учак менен байланыш кечээ ал Камерундагы Дуала шаарынан учуп чыгаары менен үзүлүп калган. Жүргүнчүлөрдүн арасында Африка, Кытай, Индия, Европа өлкөлөрүнүн жарандары жана америкалык 1 киши бар болчу деп кабарланууда.