Франциянын коргоо министрлиги Египеттин Синай аймагында бүгүн аскерий учак кыйроого учурап, франциялык 8 жана канадалык 1 киши набыт болду деп билдиришти. Алар Египет менен Израиль ортосундагы чегара тилкесин көзөмөлдөгөн Эларалык бейпилдик миссиясынын мүчөлөрү болчу.