Гезит мурдагыдай эле шейшемби жана жума күндөрү чыга берээрин «Азаттыкка» басылманын баш редакторунун орун басары Айнагүл Сапарбек кызы билдирди. Редакция басылманын 20-апрелдеги санынын бардык нускасы күч органдары тарабынан басмаканадан камакка алынган соң гезитти убактылуу чыгарбай турууну чечкен.(SM)