Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:22

ГЕНЕРАЛ ИВАН ПАНФИЛОВДУ ЭСКЕРҮҮ ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШИ


Бишкекте Советтер Союзунун батыры, генерал Иван Панфиловдун элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

Быйыл кырк жетинчи ирет өткөрүлгөн генерал Иван Панфиловдун жаркын элесине арналган грек- рим күрөшү турниринде Түштүк Корея, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын 156 жаш балбаны күч сынашты.

Эң жеңил салмакта бардык атаандаштарын жеңген түштүк кореялык Ким Сулк Мин баш байгенин ээси болду. Ал эми 60 кг. салмакта кыргызстандык айбек Акматалиев жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Айбек “мелдештин мыкты балбаны” сыйлыгына да арзыды. Баш байгени уткан Айбек мелдеш курч мүнөздө өткөнүн, таймашуунун өзү чоң сабак болгонун билдирди.

66 кг. салмакта биринчи орунду түштүк кореялык Ким Юнг Юу утуп алды. 74 кг. салмактагы өзбекстандык Вахабек Янгиев келечегинен үмүткөр кылып, жеңүүчү аталды. Казакстандын намысын 84 кг салмакта коргогон Мухамед Умаевдин жеңишинин урматына обого казактын көк туусу көтөрүлдү.
Ошондой эле 96 жана 120 кг салмактарда күрөшкөн түштүк кореялык балбандар Ким Фу Нан менен Ким Фюк-Кью командасынын жеңиштерин бекемдеп койду.

Кыргызстандын грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Касеновдун айтымында өлкөнүн тандалган балбандары 8-майда Бишкекте өтчү Азия чемпионатына катышуу үчүн даярдык көрүп жатышкандыктан бул турнирде жаштар намыс талашып, сындан өтүштү.

Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резерв окуу жайынын директору Касымкул Оболбековдун пикиринде спорттук өлкө катары таанылган Түштүк Кореянын балбандарынын даярдыгы, чеберчилиги жогору экени байкалды. Бул мелдештеги таймашуулар кыргызстандык жаш балбандарга үлгү, сабак болду. Казакстан менен Өзбекстандын балбандары дагы айырмаланды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG