Ал ошондой эле Иракта туруктуулукка жетишүү үчүн кызматташууга даяр экенин билдирди. Манучер Моттаки бул тууралуу “ал- Арабия” телеканалына берген интервьюсунда айтты. Ирандын тышкы иштер министри Тегеран жана Лондон өз ара мамилени жакшыртууну каалашат деп биолдирди. Эки өлкөнүн алкасы өткөн айда Иран бийликтери британиялык 15 деңиз аскерин камакка алгандан кийин солгундап кеткен.