Бүгүн маалымат жыйынын өткөрүшкөн Кеминдик аксакалдар тобу шайлоого талапкер болгон Бермет Акаеванын райондук соттогу окуясына байланыштуу 40 чукул адам суракка алынып, эки адам камалганына нааразылыктарын билдиришти. Алардын айтымында, эгерде укук коргоо органдары көпчүлүктү камакка алып, куугунтуктоолорду токтотпосо Кемин аймагында кырдаал курчуп кетиши ыктымал. (AJ)