Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:54

СОГУШ АРДАГЕРЛЕРИНЕ ПАСПОРТ БЕКЕР БЕРИЛЕТ


Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 62 жылдыгынын алдында согуш ардагерлерине бекер паспорт берүү чечими кабыл алынды. Быйылкы жылы жалпысынан 426 миң, анын ичинде орто мектепти бүтүрүп жаткан 90 миң окуучуга паспорт берилмекчи. Маалыматтык технологиялар жана ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Турусбек Коеналиевдин маалыматы боюнча Кыргызстанда паспорт таңсыктыгы жоюлду.

Согуш ардагерлерине акысыз паспорт берүү демилгесин Маалыматтык технологиялар жана ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик, Ички иштер министрлигинин алдындагы паспорт-виза департаменти жана Кыргызстанда паспорт жасоочу «Интел-Линкс» жоопкерчилиги чектелген коом уюштурууда. Жалпысынан канча ардагерге бекер паспорт берилерин мамлекеттик агенттиктин башчысы Турусбек Коеналиев маалымдады:

"6568 ардагер, анын ичинде үч баатырыбыз бар, ошолордун баарына акысыз түрдө Кыргызстандын жаранынын паспортун берели деп чечтик".

Жалпы калкты паспорт менен камсыздоо маселеси тууралуу Турусбек Коеналиев буларды белгиледи:

"Негизинен былтыркыдай жетишпестен чыккан чуу жок. Канча адам кайрылса, ошончо адамга паспорт бергенге жетишип жатабыз. Бир жылга койгон план боюнча, былтыркыдай эле 426 миң кишини паспорт менен камсыздоого даярданып жатабыз. Бүгүнкү күндө 203138 паспорт берилди".

Ички иштер министрлигинин паспорттук-визалык департаментинин башчысы Александр Зеличенконун айтымында, паспорт менен камсыздоодогу бир гана проблема-бул атуулдардын өз убагында кайрылуусу. Ошондуктан өзгөчө чет өлкөлөргө окууга камданган жаштар эртерээк аракеттенгени дурус дейт:

"Азыркы кезде ата-энелер жана балдар негизинен бүтүрүүчү, жогорку окуу жайга кирүүчү экзамендер менен алек болушууда. Паспорт менен көпчүлүктүн иши жок. Ошондуктан чет өлкөгө барып окууну каалагандарга айтаарым,паспорт алууга азыртан баштап даярдык көргүлө. Анткени паспортко байланыштуу документтерди тактоого, кабыл алууга, даярдоого, берүүгө эки айдай убакыт кетет".

Маалыматтык ресурстар жана технологиялар агенттигинин башчысы Турусбек Коеналиевдин билдирүүсүнө караганда, «Интел-Линкс» компаниясы менен түзүлгөн келишим 2010-жылы соңуна чыгат. «Бирок биздин агенттик өзүнчө паспорт чыгарууну жолго коюуга аракеттенүүдө. Бул үчүн атайын имарат да караштырып койдук. Паспорт чыгаруучу компания мамлекеттик болуш керек», деп белгиледи Коеналиев.

Кыргызстан атуулдары акыркы мезгилде Россиянын атуулдугун алууга массалык түрдө аракеттенүүдө. Россияда эмгектенген журналист Акылбек Мамадалиевдин «Кабар» агенттигине берген маалыматы боюнча, акыркы жылдары эле 50 миңге чукул кыргыз атуулдары орус жарандыгын алышты. Бул жараян күч алууда.

Бирок орус жарандыгын алган кыргыздарды Кыргызстан атуулдугунан ажырап калуу да түйшүккө салууда. Анткени башка өлкөнүн атуулдугун алуу менен алардын Кыргызстандан жер, үй сатып алууга укугу чектелип калууда.

Кыргызстандын конституциясы кош жарандуулукка тыюу салбайт. Бирок ал маселе эки тараптуу мамлекеттер аралык келишим жана мыйзамдар аркылуу чечилиш керек. Ал эми өлкөнүн мыйзамы азырынча кош жарандуулукка уруксат бербейт дейт Коеналиев:

"Кыргызстандын жарандыгы мыйзам боюнча эки, же андан көп жарандулуукка жол жок. Бирок биздин президент Россиянын президенти менен жолуккан кезде бул маселе көтөрүлгөн. Азыркы кезде эки тарап анын үстүнөн иштеп жатат".
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG