Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

ЖАЛАЛАБАТ: СЕЛДЕН ЖАБЫР ТАРТКАНДАР ЖАРДАМГА МУКТАЖ


7-майда премьер-министр Алмаз Атамбаев Жалалабат облусунун селден жабыр тарткан бир нече райондорунда болду. Өткөн айдагы селден жабыр тарткан жергиликтүү калк өкмөт башчыга ссуда маселесин чечүү, турак-жай курууга жер ажыратуу, суу баскан эгин аянттарынын салыгын алып салуу жана башка маселелерди коюшту. Алардын суроолоруна жооп берген Алмаз Атамбаев өкмөттөн жабыр тарткандарга колдон келишинче жардам берилерин, бирок, өлкөдө табият кырсыгынан жабырланган 25 миң адамдын ар бирине 200 миң сомдон ссуда берүүгө мамлекеттин бюджетинде мүмкүнчүлүк жок экендигин билдирди.

Сузак районундагы Ачысай каналынан ашкан сел жыл сайын райондун калктуу айылдары менен эгин талааларын каптайт. Өкмөт башчы Алмаз Атамбаев Таштак, Ортоазия, Бостон, Камышбашы айылдарына барганда жергиликтүү тургундар турак-жай курууга жер ажыратып, коопсуз жайларга көчүрүү талаптарын коюшту. Кызылтуу айыл өкмөтүнүн тургуну Калдарбек Сартпаевдин айтымында каналды бекемдеп, үлүш жерлерин суу баскандарга кайра бөлүштүрүү корунан жер ажыратуу, жерди иштетүү үчүн үрөн, техника, арзан күйүүчү май менен камсыз кылуу керек:

- Үлүш жерлерди сел баскан, 1 жарым - 2 метрге чейин кум чайкаган. Ал жерге эгин эгишке мүмкүн эмес. Бизге фонддун жеринен бөлүп береби, же грейзер менен тегиздеп береби, ушул маселени чечип, айдоого жардам берсе, же солярканы күзгө чейин бөлүп беришсе.

Ортоазия айылындагы үйлөрү жарактан чыккан 8 үй-бүлө чатырларда жашоодо. Алардын бири Муктар Орунбаев батыраак ссуда маселеси чечилип, башбаанек курууга жер ажыратылып берилсе деген тилегин билдирди:

- Чоңдордон суранычыбыз, эртерээк бизге жер маселесин, ссуданы чечип берсе. Кыш келгиче үй салып алсак деген ниеттебиз.

Бирок чатырда жашоо турак-жайы менен мал-мүлкүнөн ажыраган алты балалуу Гүлнара үчүн да оор болууда:

- Жайда ысык, кышта суук болот экен, балдарыбыз ооруп атат. Доктурлар күндө келип карашат. Үй-жайыбыз жашоого мүмкүн болбой калган.

Базаркоргон районундагы селканал кыйла жылдан бери тазаланбаган селканалдан Жараке айлынын тургундары жабыр тартты. Акман айыл өкмөтүнүн тургуну Садык Раимбердиевдин билдиришинче, сел жүргөндө жергиликтүү бийлик тазалоо иштерине кол кабыш кылганы менен жардам алчулардын тизмесине киргендерге да 6-7-жылдан бери ссуда тие элек:

- Биз мурунку ссудаларды да ала элекпиз. Быйылкы ссуданы алууга көзүбүз деле жетпейт. Жер айдагандай жер жок, же буудай жок. Көпчүлүк адамдар эмдиги жылкы бышыкчылыкка жетиш жолун ойлойп отурабыз. Ушуну жогору жактагылар да ойлоп койсо.

Жараке айылынын жашоочусу Турдали Сулайманов өкмөттүк карыз акчаларды бөлүштүрүүдө айрым учурларда калыссыздык орун алганын белгилеп, өкмөт башчыга кадр маселесине зирек мамиле кылууну сунуш кылды:

- Булардын барын алмаштырыш керек. Элге калыс кызмат кылып, иштей турган кишилерди алып келиш керек.

Барган айылдарында элдин көйгөйлөрүн тыңшаган өкмөт башчы Алмаз Атамбаев өкмөт жабыр тарткандарга колдон келишинче жардам кылаарын, бирок жардамга муктаж болгон өлкөдөгү 25 миң адамдын ар бирине 200 миң сомдон насыя акча берүүгө казынанын мүмкүнчүлүгү жок экендигин ачык айтты:

- Ар бир жабыр тарткан үйгө жок дегенде нан болсун деп буудай берели деп атабыз. Жакында 2 центнерден ар бир жабыр тарткан үй-бүлөгө жеткиребиз. Акыбалына карата 10 миң, 50 миңден акчалай эле берели деп атабыз. Ал эми кээ бирлер такыр эле чатырда жашап калыптыр, албетте аларга башкача жардам беребиз. Солярканы 15 сомдон кылып бердик. Андан ылдый түшүрө албайбыз, бекер бере албайбыз. Анткени мамлекеттин бюджетинде 4 млрд. дефицит бар. Аны дагы туура түшүнгүлө. Эртең бекер солярка, кредит берем деген калп болот. Кыргызстанда 25 миң үй-бүлө бар, барына эле 200 миңден ссуда бере албайт Кыргызстан. 25 үй-бүлөгө 5 млрд. керек. Ошондуктан алдагым келбейт, - деп айтты Алмазбек Атамбаев.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG