Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

18:47 Баткенде киши колдуу болгон почта кызматкеринин ишин тергөө нааразылык жаратууда


Баткенде киши колдуу болуп өлтүрүлгөн почта кызматкеринин окуясын бизнеске айландырышты деп милицияга нааразы болгон эки жүздөй жарандардын тобу 7-май күнү Баткен акимчилигине барышты. Маркум почточу Абдыкаировдун жесири Максуда Сапарованын айтымында өткөн жумада кеч болуп кеткенине карабай тергөөчүлөр аны суракка алуу аракетин жасаган. Нааразылык билдирип келген адамдар менен Баткен районунун акими, облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, облус прокурору жолугуп, окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын маалым кылышты. 6-майда милицияга нараазы болгондор премьер-министр Алмаз Атамбаевди Баткен аэропортунан тосуп чыгышып, жергиликтүү тергөө органдары ишти кечендетип жатканын айтып, ишти тергөөнү жогору жактын көзөмөлүнө алууну өтүнүшкөн.(SA)

XS
SM
MD
LG