Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:08

Ооганстан акыркы эки айда талибдер менен болгон уруштарда полициянын 100дөн ашуун кызматкерин жоготту


Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн ички иштер министрлиги билдирди. Бүгүн ошондой эле өлкө борбору - Кабулда турак –жай кварталдарынын бирине ракета атылып, натыйжада бир киши мерт болду, бешөөсү жаракат алды. Ал эми өлкөнүн чыгышында америкалык аскерлердин автокербенине кол салынганда эки жоокер каза таап, дагы экөөсү жарадар болду. Окуя Ооганстандын эң катуу кайтарылган "Пуль-и-Шархи" түрмөсүнүн чыга беришинде болду. Бул жерде башкалар менен катар Талибандын Кубанын Гуантанамо аралындагы америкалык базадан которулган согушкерлери да кармалып турат.

XS
SM
MD
LG