Өлкөнүн батышындагы Рамади шаарында жанкечтилер айдаган эки автоунаанын жарылуусунан бүгүн 20 киши каза таап, 40тан ашууну жараат алды. Ал эми башкаала Багдаддан түндүк тараптагы Халис деген шаарчада ирактык алты жоокер козголоңчулардын колунан мерт болгон. Кечээ өлкө аймагындагы түрдүү кол салуулардан кеминде 100дөй киши каза тапканы аныкталган болчу.