Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:27

Түркия парламенти конституцияга өзгөртүү киргизген мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды


Долбоор өлкө президентин жалпы элдик добуш берүү менен шайлоого жол ачат. Мындан сырткары анда парламент мөөнөтүн беш жылдан төрт жылга кыскартуу да каралган. Конституцияга мындай өзгөртүүлөрдү кабыл алуу үчүн экинчи добуш берүүдө аны депутаттардын үчтөн экиси колдоп, ага өлкө президенти кол коюшу керек. Буга дейре парламентте добуш берүүгө жетерлик кворум болбогондон кийин, Абдулла Гүл президенттикке талапкерлигин алып салган эле. Оппозиция исламчыл президент шайланса, секулярдык Түркия исламдаштыруу жолуна түшөт деп кооптонуп, шайлоого бойкот жарыялаган.

XS
SM
MD
LG