Грек-рим, эркин жана аялдар күрөшү боюнча бул Азия чемпионатында Кыргызстанды кошкондо жыйырма өлкөнүн спортчулары күч сынашмакчы. Чемпионат 13-майга чейин созулат. Чемпионатты Бишкекте президент Курманбек Бакиев, спорт күрөшү боюнча эл аралык федерациянын президенти Рафаэл Мартинетти ачты. Президент Бакиев Рафаэл Мартинеттини «Данакер» ордени менен сыйлады. Эл аралык федерация президенти өз кезегинде Кыргызстандын президентине «Алтын алкак» медалын тапшырды. (BuS)