Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

ЖОЛ КЫРСЫГЫНА АМЕРИКАЛЫК АТУУЛДУН КАТЫШЫ БАР-ЖОГУ ИЛИКТЕНҮҮДӨ


7-майда кечке жуук Сокулук районундагы Учкун айылында автонуаа жергиликтүү атуулду уруп кеткен. Ал автоунаанын ичинде америкалык аскер жүргүнчү катары болгон. Кырсыктан 50 жаштагы Зарылбек Аскарбеков каза тапкан. Бул кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Алгачкы маалыматтар боюнча Зарылбек Аскарбековду уруп кеткен «Ауди-с-4» автоунаасынын ролунда америкалык жоокер болгон. Бул маалыматты окуяга күбө болгон Учкун айылынын тургуну Владимир Рейнголдович Герт берген. Бирок кийинчерээк ролдо 1982-жылы туулган Ольга Колько болгону аныкталган. Кырсык тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сеитов буларды билдирди:

"Алар кечинде баратып (7-май) тиги кишини (Аскарбек Зарылбековду) коюп кетишкен. Коюп кеткенден кийин токтоп, жардам берейли деп ойлошкон. Бирок ал киши мүрт кеткен. Ошол жерден машинасына отуруп качып кетишкен".

Автоунаадагы кишилер ким экендиги тууралуу Сеитов буларды маалымдады:

"Бүгүн эрте менен аныкталганга караганда ролдо аял киши болгон экен. Жанындагы жүргүнчү американын атуулу экен. Аты Френд Жейсон. 1971-жылы туулган. Контрактник. Азыр окуя боюнча кылмыш иши козголду".

Маалыматка караганда, каза болгон Зарылбек Аскарбековдун сөөгүн туугандары алып кеткен.
Кырсыкты Сокулук райондук милициясы тергөөдө. Тергөө башында турган райондук милициянын тергөө бөлүмүнүн башчысы Мирлан Термечиков америкалык аскер да суракка чакырыларын билдирди:

"Азыр тергөөчүлөр иштеп жатат. Албетте баары суралат".

Автонунаанын ээси болгон 25 жаштагы Ольга Колько учурда Сокулук милициясында суралып, кырсык боюнча көрсөтмө берүүдө.

"Манас" аба майданында жайгашкан америкалык аскерлердин басма сөз өкүлү Мая Мельниковская кырсык ага америкалыктын катыштыгы бардыгы боюнча азырынча эч кандай маалымат бере албасын маалымдады:

"Азырынча мендей эч кандай маалымат жок. Качан маалымат болгондо айтабыз. Бир гана айтаарым, автоунаадагы жүргүнчү аскер эмес, келишим менен иштеген жаран".

2001-жылдагы террордук чабуулдан кийин 2002-жылдан тарта Кыргызстанга убактылуу келип жайгашкан америкалык аскерлердин экинчи ирет олуттуу автокырсыкка туш болуусу. Мындан бир нече жыл илгери америкалык аскерлер Бишкек шаарынын көчөсүндө шаардык эки кызды уруп кеткен. Алар денелеринен жаракат алып, ооруканага жаткырылган эле.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG