Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:41

17:38 Кумтөргө барчу автожолду тосуу уланды


Жетиөгүз районунун беш айылынын тургундарынын атынан «Кумтөр» алтын кенине каттоочу автожолду тосуу бүгүн да улантылды. «Азаттыктын» кабарчысынын маалыматына караганда, автожол эки жерден Тосор айылынын кире беришинен жана Барскоон капчыгайынын кире беришинен тосулууда. Бул акцияга 150дөн 300гө чейинки киши кезектешип катышып жатат. Жол тоскондор бүгүн премьер министр Алмаз Атамбаевдин келишин талап кылышты. Он күн мурда башталган бул акцияда «Кумтөр» кенине байланышкан башкы макулдашууну кайра түзүү, Барскоон окуясына байланышкан компенсациянын калган бөлүгүн төлөтүү талап кылынууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG