Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-октябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 22:19

ОРУСИЯДА 70 МИҢДЕЙ СКИНХЕД БАР


Төрөкул Дооров, Москва Орусиядагы улутчул жаштар чет-элдиктерге кол салышканы тууралуу кабарларды байма-бай угууга болот. Улуу Ата Мекендик согушта советтик армия фашизмди жеңгенине эртең, 9-майда, 62 жыл толот. Бирок ошол советтик армиянын башында турган Орусиянын өзүндө бүгүн «жергиликтүү фашизм» күчөп баратканы учурдун башкы проблемаларынан болуп калды. Орусиядагы укук коргоочунун айтымында, бүгүн өлкөдө 70 миңдей скинхед бар.

Александр Брод – Москвадагы адам укуктары боюнча бюронун жетекчиси. Бул бюро, негизинен, фашизм жана ксенофобияга каршы күрөшүү жаатында иш алып барат. Броддун айтымында, соңку эки жылда Орусиядагы айтылуу скинхеддердин саны 20 миңге өсүп, бүгүн 70 миң адамга жетти. Андыктан, алар жасап жаткан кылмыштын көлөмү да өсүп баратат.

- Эгерде 2004-жылдын биринчи жарымында улутчулдардын колунан 7 адам өлгөн болсо, 2005-жылы алардын саны 10 го жетти. Ал эми 2006-жылы 17 чет өлкөлүк каза болсо, быйылкы жылдын ушул төрт айынын ичинде эле скинхеддер 25 адамды өлтүрүштү, дагы 80 жакын киши жаракат алган, - деди Александр Брод дүйшөмбү күнү.

Адам укуктары боюнча бюро жакында тарых илимдеринин доктору Виктор Шнирельмандын Орусиядагы улутчулдук тууралуу китебин басып чыгарды. Китептин автору Шнирельман 9-май майрамын соңку бир топ жылдардан бери эки анжы сезим менен тосуп жатканын айтат.

- Анткени биз азыр өзүбүзгө-өзүбүз суроо берип жатабыз: Фашизмди жеңген мамлекетте кантип бүгүн нео-нацисттик уюмдар пайда болду? Ондогон жылдар бою элге, өзгөчө жаштарга, интернационализм идеясын үйрөтүп келген мамлекетте кантип расалык идеология жаралды? Мен бул суроону өзүмө көп жылдардан бери берип келатам, - дейт Шнирельман.

Ал өзүнүн китебинде ошол суроого жооп берген окшойт. «Скинхед» деген түшүнүккө кайрылганын, бирок негизги көңүлдү ошол скинхеддер кимдин колдоосу менен жашап жатканына бурганын айтат.

- Скинхеддер – балээнин биздин көзүбүзгө көрүнгөн гана бөлүгү. Бирок коомдук пикирдин колдоосу болбосо, скинхеддер дагы болмок эмес, - дейт Шнирельман.

Улутчулдук идеясы соңку мезгилдерде Орусиянын парламентиндеги депутаттардан, ошондой эле аткаруу бийлигинин айрым өкүлдөрүнүн да колдоосуна ээ болуп келбедиби. Антсе да Адам укуктары боюнча бюронун аналитиги Александр Брод соңку мезгилдерде бийликтер улутчул жаштардын аракеттерине каршы күрөштү күчөттү дейт.

- Мурдагы жылдарга салыштырмалуу, скинхеддерди жазага тартуу иши активдеше баштады, албетте. Бирок коомду улутчул маанайдан тазалоодо мындан башка иштер болбой жатканы айкын. Бийлик улутчулдардын митинг-демонстрацияларына каршы аракеттерди көрсө да, аларды «Оппозицияга каршы аракет» катары кабыл алат. Анткени бийликтин ишениминде, оппозиция улутчул-радикалдардан да коркунучтуу балээ, - дейт Брод.

Ушинтип, укук коргоочулар менен окумуштуулар скинхеддердин бүгүнкү Орусиянын турмушуна тийгизип жаткан терс таасири жөнүндө талкуу жүргүзүп отурушкан мезгилде, такыр баштар өздөрү көчөлөрдө, метродо, айтор, каерде болбосун, чет элдиктерди коркутушканын улантышууда.

Соңку маалыматтардан: бир нече күн мурда, 24-апрелде, Мытищи шаарында скинхеддер кыргызстандык Айжигит Таштанбековду ташбоордук менен сабап, өлтүрүп кетишти. 5-майда скинхеддердин колунан Москвада эки тажикстандык жаран көз жумду, дагы бирөөсү жаракат алды. Аталган эки факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектелгендер камакка алынган. Ошол эле күнү, 5 майда, Томскто вьетнамдык студентти сабап кетишти. Ал азыр ооруканада жатат.

Мунун баары – Орусияны башка улуттардан тазалоону максат кылган скинхеддердин аракети.
XS
SM
MD
LG