Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:06

ВОРОНЕЖ ОБЛУСУНДА ЧОЛПОНБАЙДЫН АЙКЕЛИ ОРНОТУЛДУ


Улуу Жеңиш майрамынын алдында Воронеж облусуна караштуу Лиски шаарынын баатырлар аллеясында Чолпонбай Түлөбердиевдин айкели орнотулуп, 7-май күнү анын ачылыш аземи өткөрүлдү. Кыргызстандан ага Талас облусунун губернатору баштаган чакан топ барып катышты.

Биз Воронеж облусунун Лиски шаарындагы салтанаттан жаңы эле кайтып Орусияда келаткан Талас облусунун губернатору Байымбет Мураталиевге телефон-байланышка чыктык. Ал Лиски шаарынын ортосунда 12 баатырдын айкели тургузулган баатырлар аллеясы бар экендигин, ага кошумча кылып быйыл Чолпонбай Түлөбердиевдин айкелин (бюстун) да бронзадан заңкайта орнотушкандыгын айтты. Салтанатка Воронеж облус жетекчилигинен бери катышып, кыргызстандык делегация башчысына сөз беришкен.

Кыргызстандан барган топ ошо Лиски районундагы Чолпонбай Түлөбердиев эбегейсиз эрдик көрсөтүп – жан кыйган, сөөгү жаткан Селявное кыштагына да барышыптыр.

- Бейити Дон дарыясынын жээгинде экен. Кадимки эле жалама беттин астында. 200 кадамдай ары үстү жактагы түзөңдө эстелиги турат мурда коюлган. Бержак көп эл топтолгонго ыңгайсыз болгондуктан эстелигин ары жакка коюшуптур. Биз гүл коюп, куран окудук. Бүт-бардыгы жакшы каралып турат экен. Жаңы чыгарган киносун алып кетип жатабыз.

Губернатор 5-августта Чолпонбай Түлөбердиевдин баатырдык көрсөткөндүгүнүн 65 жылдыгын Таласта өткөрөрүн жарыялап, ал салтанатка Воронеж облусунун губернаторун, Лиски районунун акимин чакырып коюптур.

Чолпонбай Түлөбердиевдин туугандарынын атынан барган Анарбек Усупбаев аксакал Воронеж облусу боюнча соода, курулуш жана башка иштерди аркалап жүргөн 500дөй кыргызстандык атуул бар экендигин, алардын көпчүлүгү атайы уюшуп келишип Чолпонбай Түлөбердиевдин айкелинин ачылыш аземине да катышкандыгын, ал тургай баатырдын сөөгү жаткан жерге барып, жандык мал союп, куран окутуп турууну да салтка айлантышкандыгын кошумчалап өттү.

- Эми орус элине абдан ыраазы болуп атабыз. Эстонияда башка улут өкүлдөрүнө коюлган эстеликтерди талкалап атышса, орус туугандар кыргыз баатырынын эстелигин куруп атат,--деди Анарбек Усупбаев.

Бул - Воронеж тарапка Чолпонбай баатырдын урматы үчүн биринчи барылган сапар эмес. Анын классташы, согуш ардагери, тарых мугалими Ашымбек Шыйкымбаев Чолпонбайга музей куруу демилгесин көтөрүп, досуна куран окуп, маалымат чогултуш максаты менен 1968-жылы биринчи жолу Селявное кыштагына барып келген. Кийин да жакын туугандарын алпарган. 1982-жылы Чолпонбайдын туулуп-өскөн айылына эстелиги менен кошо мемориалдык музей-комплекси курулган.

XS
SM
MD
LG