Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:18

КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКИ БАЛБАН АЗИЯ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ


Бишкекте башталган эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык эки балбан: Базар Базаргуриев менен Алексей Крупняков финалда жеңип, алтын медаль тагынып, Азиянын чемпиондору аталды. Алар Кыргызстандын тарыхында алгач ирет эркин күрөшү боюнча Азиянын чемпиону болушту.



Эркин күрөш боюнча Азия чемпионатына спорттук өлкө катары таанылган Кытай, Түштүк Корея, Жапония, Иран, Казакстан баш болгон 16 мамлекеттин балбаны күч сынашып жатышат.

Азия чемпионатынын алгачкы күнүндө эркин күрөш боюнча 60, 74 жана 96 кг салмактагы балбандардын баш байге үчүн күч сынашуулары жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.

60 кг. салмакта баш байгеге үчүн кыргызстандык Базар Базаргуриев талапкердин бири болуп, бардык атаандаштарын жеңип, финалда жапониялык Одата Шиниа менен күч сынашты. Натыйжада калыстар кыргызстандык балбан Базар Базаргуриевдин чеберчилигине жогору баа беришип, ал 2007- жылдагы Азиянын чемпиону аталды.

- Сегиз жылдан бери эркин күрөш менен машыгам. Орусиянын жаштар арасында чемпиону болгом. Өзүм Бурятиядан Бишкекке көчүп келгем. Жашым жыйырма экиде. Быйылтан баштап Кыргызстандын намысын коргоп жатам, -деди Базар Базаргуриев.

74 кг. салмакта финалда кытайлык балбан Уфу Зижан менен ирандык Мейсам Мостафажоукар күрөшүп, кытайлык жигит Уфу Зижан жеңишке жетишип, Азия чемпиону аталды. Ушул салмакта күрөшкөн кыргызстандык Талант Жекшенов төртүнчү орунду ээледи.

Ал эми 14- 15- Азия оюндарынын күмүш жана коло байге ээси, дүйнө чемпионатынын коло медалын жеңген кыргызстандык Алексей Крупняков дагы 96 кг. салмакта Азия чемпиондугу үчүн финалга чыгып, баш байгеге талапкер болду. Ал финалда ирандык Амир Аббас Моради менен күрөштү. Биринчи бөлүктө Алексей 2:0 эсебинде утса, экинчи бөлүктө бир упай менен атаандашы Амирге алдырып койду. Үчүнчү бөлүктө экөө тең бирдей жеңишке умтулуп, курч таймашуу болду. Акыркы көз ирмемде кыргызстандык Алексей Крупняков артыкчылыгын көрсөтүп күйөрмандарды сүйүнттү.

Ошентип Алексей Крупняков чемпионаттын алгачкы күнүндө эле Азия чемпиондугунун экинчи алтын медалын утуп алды.

Мелдеш курч мүнөздө өткөнүн, ирандык атаандашы менен биринчи ирет килем үстүндө күч сынашканын, Азия чемпионатына Европа өлкөлөрүндө даярдык көргөнүн Азия чемпиону Алексей Крупняков айтып берди.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун пикиринде Азия чемпионатынын алгачкы күнү ийгиликтүү аяктады.

Алдыда дагы таймашуулар турганын айтып, мурда чоңдор арасында эч ким Азия чемпиону болгон эмес, бир күндө эки алтын медалга ээ болдук деди өлкөнүн күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев.

Бүгүн 9 - май жеңиш күнү Азия чемпионатынын эркин күрөш таймашуулары улантылат. Бул күнү 55, 66, 84 жана 120 кг. салматагы балбандардын күч сынашуулары болуп, кечинде жеңүүчүлөр аныкталат.

Кыргызстандын намысын жеңил салмакта жаштар арасында дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Турарбек уулу Нурлан, 66 кг салмакта Артуш Таңбулак, 84 кг. салмакта Самат Толубаев жана 120 кг оор салмакта Кушубаков коргойт.

10- жана 11- май күндөрү кыз- келиндер арасында Азия чемпионатынын эркин күрөш мелдештери болмокчу.

Ал эми 12-13 майда грек- рим күрөшү боюнча 2007- жылдын Азия чемпиондору аныкталып, таймашуулар өткөрүлөт.

Жогорудагы сүрөттө Азия чемпиону Алексей Крупняков жана кабарчыларыбыз Акан Иманов, Кабыл Макеш.

Төмөндөгү сүрөттө Азия чемпиону Базар Базаргуриев.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG