Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:17

КЫРГЫЗСТАН ЖЕҢИШ КҮНҮН МАЙРАМДАП ЖАТАТ (сүрөт баян)


Экинчи дүйнөлүк согуштагы Улуу Жеңиш күнүнө арналган башкы эскерүү салтанаты Бишкекте Жеңиш аянтында болду. Президент Бакиев Кыргызстандын калкын Жеңиш майрамы менен куттуктап сөз сүйлөп, Советтер Союзунун Баатырлары Дайыр Асановго, Степан Сущевге жана «Даңк» ордендеринин толук ээси Мстислав Ивановго автомашинаны белек кылып тапшырды. Жеңиш күнүнө карата Кыргыз өкмөтү согуштун жана ооруктун ардагерлерине акчалай колдоо көрсөттү. Президент чыгарган Жардыкта Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучуларына жана майыптарга, Ленинград блокадасына тиешеси барларга, жаш курагында концлагер туткуну болгондорго 2000 сомдон, согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, тылда иштеп, орден, медаль алгандарга 500 сомдон берилмекчи.


























XS
SM
MD
LG