СССРде төрөлгөндөр үчүн 2-дүйнөлүк согуш темасы өтө аялуу темалардын бири болуп саналарын, бирок эгемендикке ээ болгондон баштап жаңы мамлекеттер өз тарыхын кайрадан жазууга жигердүүлүк менен киришкенин белгилеген «Белый пароход» сайты, акырындык менен Улуу Ата Мекендик согуштун мааниси да, анын катышуучулары да улам экинчи планга сүрүлүп баратат деп жазды. Жашоого келип жаткан жаңы муун өкүлдөрү азыр таптакыр бөлөк баалуулуктар менен азыктана баштады. Патриоттук кинотасмалар Голливуддун киши өлтүргүч боевиктери менен алмашты. Фащизмди жер үстүнөн жексен кылып, Жер шарын тозоктон сактап калган согуш ардагерлеринин айрымдары бүгүн бир бөлкө нан үчүн кан кечип жүрүп алган орден-медалдарын соодалап олтурат. Ал эми кечээ эле дал ошол Гитлердин азуусунан бошотулган Эстония менен Польша советтик жоокерлердин эстелигине түкүрүп жатат,-дейт «Белый пароход» сайтындагы макалада.
Бүгүн Улуу Жеңиш Күнү! Биз дагы улам катары суюлуп бараткан аталарыбызды, апаларыбызды, бизге өмүр алып келген мына ушул кымбат Күнү менен куттуктай кетели!
«Бишкек басмасөз клубу» белгилүү коомдук ишмер, Коомдук саясат институтунун президенти Муратбек Иманалиев менен баарлашты. Иманалиев мырзанын айтымында Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкекте өтө турган саммитине карата Кыргызстан көчөлөрдү тазалап, анын жээгине бак тигүү менен эле алектене бербей мүмкүн болушунча андан саясый жана экономикалык пайда алып калуу үчүн жан үрөшү керек, бул жагдайда демилге менен чыга тургандай Кыргызстандын алдында олуттуу элементтер бар. Анын бири- тышкы карыздарын чечүүгө Кыргызстан менен Тажикстанга көмөк көрсөтүү маселесин койуу. Муратбек Иманалиевдин ою боюнча мындай демилге көтөрүлсө Орусия менен Кытай да колдоо көрсөтөрү бышык, жакында Кыргызстанга ырасмий иш сапары менен келип кеткен казак президенти Назарбаев да сөзсүз колдоп чыгат эле.
Өз элинин кешигин кедейтип, чырактай жигиттерин атып өлтүрүп, өлкөсүн ач бөрүдөй талап-тоногондордун бирин дагы эмдигиче жоопко тарталбаган коомдун кайдагы келечеги болушу мүмкүн? Бизде азырынча укуктук мамлекет дегендин аты-жыты жок сыяктуу. Бизде жалаң гана бийлиги менен байлыгына чиренгендердин укугу үстөмдүк кылып турат, алар бүгүн кандай гана мыйзам болбосун, аны буту менен тепсеп турат. Мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен бийлигин өз эрки менен өткөзүп бергенге жалгыз гана Борис Ельциндин кудурети жана акылы жетти,-деп жазды Борбор Азиядагы Америка университетинин вице президенти Бакыт Бешимов. Анын ою боюнча, жакын арада кабыл алына турган Конституция деле каршылашкан тараптарды дароо элдештирип жибере албайт, ошондуктан жалпы улуттук алакакта биригүү үчүн кеңири прогрессивдүү реформаларга кадам таштоо зарыл. Профессор Бакыт Бешимов мындай пикирин «Бишкек басмасөз клубу» аркылуу жар салды.
«РИА Новостинин» эксперттик кеңешинин мүчөсү Санобар Шерматоваынын пикиринде, Кыргыз бийлиги тирешүүнүн кан басымын төмөндөтүү үчүн митингди кууп тараткандан кийин дароо эле конституциялык реформаны баштаса болмок, ошондо ал оппозиция талап коюп келаткан демилгелерди өз колуна алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок дагы, президентке боло турган күзгү чабуулдун күчүн кыйла басаңдатмак. Тилекке каршы митингди кууп таратар замат сүйлөшүүгө болгон аракеттер токтоп калды. Бир карасаң бийлик оппозицияны жеңип чыкканына аябай эрдемсип жаткандай сезилет. Эми дымып тургансыган күндөр баары бир жанданат. Реформанын ордунан жылбай жаткандыгы кайрадан нааразылыктын буркан-шаркан түшүшүнө алып келет. Ошондо оппозициянын кылып аткандары туурабы же туура эмеспи деп ой жүгүртүүнүн өзү да анча мааниге ээ болбой калышы ыктымал.Улам жаңы барактан баштала берип көндүм болуп калгандай Кыргызстандын саясаты ошондо кайрадан аянттан башталат,-дейт Санобар Шерматова «Фергана Ру» маалымат булагына жазган макаласында.
Ал эми Борбор Азия маалымат булагы аркылуу журналист Куприн мырза, Кулов жана анын жандоочулары бери дегенде эле апрель митингине бир жарым миллион АКШ долларын жумшаган, эегер ушул сумманын үчтөн бир бөлүгүн эле жер титирөөдөн жапа чеккендерге жардам катары бергенде темир генерал канчалаган адамдардын сообуна калат эле,-деп жазса, «Коммерсант» маалымат булагы экс-президенттин кызы Бермет Акаеванын бийлик тарабынан үйтүрмөгө алынышын анын атасы Акаев түзүп кеткен режимдин бүгүнкү бийлик тарабынан чып-чыргасы коробостон уланып жатышынын бир көрүнүшү катары белгилеп, бирок бул деген чындап келгенде Мамлекеттин жасаар иши эместигин, бийлик башында олтурган адамдардын деңгээлинин ушунчалык төмөн түшүп кеткендигин көрсөтөрүн, бир кенедей айымдын аркасынан килейген Мамлекеттин түшүп алышын бир чети күлкү, бир чети алсыздык деп баалады.
«24 кg» агенттигине берген маектешүүсүндө саясатчы, Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Равшан Жээнбеков, 2010-жылы Кыргызстан деп аталган Мамлекеттик машина чынжырлашып келаткан кризистен улам өз жашоосун токтоторун, анын эң башкы себеби-ошол кездеги парламенттик шайлоо болорун айтты. Равшан мырзанын пикиринде Кыргыз республикасы дагы эле мамлекет катары жерпайын түптөй элек жатат. Болгону анын сырткы атрибуттары- Гимни, Герби, Туусу жана башкаруу түзүмү гана бар. Калгандарынын баары жалган, жасалма жана чоочун, негизи эле Кыргызстан-кыргыздардын мамлекети эмес,-деп эсептейт Равшан Жээнбеков. Ал сөзүн андан ары улантуу менен бизге улуттук ишкерликти басып, муунтуп турган бийлик эмес, аны ар тараптан колдоп, өсүп-өнүгүүсүнө жөлөк-таяк боло турган бийлик керектигин, азыркы күндө министрликтер менен ведомстволордун саны боюнча Кыргызстан балким Улуу Кытайдан да ашып кеткендигин, өз өлкөсүнөн таалай таппагандыктан жарым миллион улан-кыздар өз өлкөсүн таштап кеткенин, 5 миллион калкы бар эл үчүн бул чоң жогтуу экендигин, муну 16-жылдагы Үркүн менен салыштырса болорун, эртеңки күн бүгүн жашап жаткан ар бирибизге байланыштуу экендигин сезмейин Кыргызстандан ажырап калышыбыз мүмкүндүгүн, ошондуктан уруу-урууга, жер-жерге бөлүнүү дегенди тезинен токтотуу керектигин кошумчалайт Равшан Жээнбеков мырза.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ