Барскоон кырсыгынан жапа чеккен айылдарынын тургундары бул жолду бир жумадай убакыттан бери тосуп турушат. Жол эки жерден, Тосор айылынын жана Барскоон капчыгайынын кире беришинен тосулууда. Алар «Кумтөр боюнча башкы келишим кайра түзүлүп, казылган алтындын 50 пайызы Кыргызстанга калтырылсын жана Барскоон кырсыгынан жабыркаган элдин чыгымы толук төлөнсүн» деген талаптарды коюуда.(SM)