Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:08

ЭШЕК КУЛАК ХАН ЭСИҢДЕБИ?


Мен угармандарыбыздын эсине Кыргыз эл жомогундагы Эшек кулак хан жөнүндөгү уламышты салгым келип турат. Ошол жомокто хандын чачын алган баланын айынан шаар суу алдында калып, кийин ошол суунун орду кадимки Ысык-Көлгө айланып кеткен деген икая айтылат эмеспи. Мына ошол эл жомогунун түбү курулай сөз эместигин, чын эле Ысык-Көлдүн ордунда байыркы цивилизация, болгондо да Чиге аттуу шаар болгонун Кыргыз улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, атактуу тарыхчы жана археолог Владимир Плоских бүгүн Борбор Азиядагы Америка университетинде боло турган жыйында айтып бермекчи болууда. Профессордун айтымында келечекте ал жер дүйнөнүн христиандарынын сыйына турган ыйык жайына айланышы да ыктымал. Жыйын бүгүн саат 5те башталарын, ага Казакстан, Орусия жана башка өлкөлөрдүн көрүнүктүү окумуштуулары катышарын аталган университеттин «ММКлар менен байланыш бөлүмү» кабарлады.

Ошентип, кечээ Кыргызстан да Улуу Жеңиштин 62 жылдыгын белгиледи. Фронтко бул өлкөдөн 363 миң 144 жоокер аттанган. Анын 1395и кыз-келиндер болгон. Ата Мекенди коргоодо эбегейсиз эрдик көргөзгөн атактуу Панфилов колбашчылык кылган дивизиянын басымдуу бөлүгүн Ала Тоолук жигиттер түзгөн. Согуш жылдарында Кыргызстанга 30дан ашуун заводдор менен фабрикалар көчүрүлүп келип, кыска мөөнөт ичинде Кант-Балыкчы темир жолу курулган. 41-жана 42-жылдар аралыгында Орусиянын ар кайсы шаарларынан Кыргызстанга 61 миң адам көчүп келсе, согуштун акырына чейин бул сан 300 миңден ашкан. Кыргызстан фащисттердин курчоосунда калган Ленинградка бир эле жылда 100дөн ашуун вагондон турган тамак-аш азык-түлүктөрүн жөнөтүп турган.Бул маалыматты «Кабар» маалымат агенттиги таратты. Ал эми бүгүн эгемендүү Кыргызстан мына ошол 30дан ашуун завод-фабрикалардын бирин сактап калганга жарабай, мамлекеттин колу-буту болгон ишканаларды шашылыш менчикке өткөрүп, баа жеткис станокторду металл-лом катары Кытайга сатып жиберип, иш таппай көчөдө сойлоп калганын айтышууда.

Эмми Ысык-Көл темасына кайра кайрылып келели. «АКИ пресс агенттиги» депутат Султан Урманаевдин айтып бергендерине окурмандардын көңүлүн бурган. Султан мырза Ысык-Көл ушу тапта жер саткыч шылуундардын жемине айланганын, мындай каракчылыкты президенттин админстрациясында, кыргыз өкмөтүндө, облусттук, райондук жетекчиликте иштегендердин өзүлөрү уюштуруп тууган-туушкан, жек жааттарына көл жерин сатып, алардан сатып алгандар бир айдан кийин башкаларга сатып, тапкан пайдаларын бөлүп алып жеп жатышканын, маселен Кошкөл аймагынан 27 гектар жер 3 миллион долларга, Чокталдан 15 гектар жер 3 миллион долларга, Чоң Сары Ойдон 15 гектар жер 4 жарым миллион долларга, Бостериден 12 гектар жер 2 жарым миллион долларга сатылып кеткенин, ортого кыргыздарды кое коюп, жалаң чет элдиктер сатып алып жатканын, акыры көл элинин тамырына балта чаба турган мындай талоончулукту токтоткула деп Президенттин , Өкмөттүн өзүнө кайрылган каттары жоопсуз калып, Көлдү талап-тоноо дагы эле улантылып жатканын жар салып чыкты.

Кыргызстандын элитасы ушу тапта өлкөнүн келечектеги баса турган жолунун үч вариантын талкуулап жатат, деп билдириди «Бишкек пресс клубуна» берген интервьюсунда кыргызстандык саясат таануучу Сергей Масаулов. Мисалы биринчи вариантты жактагандар Кыргызстандын кризистен чыгуусун Казакстан менен түзүлө турган конфедерациядан көрүүдө. Бул вариант Казакстанды көбүрөөк кызыктырат. Мындай долбоорду сунуш кылып жаткандардын пикирине караганда экономикасы күн санап күчтөнүп бараткан Казакстан менен конфедерация түзүү Кыргызстанда эң ириде саясый элиталардын тирешүүсүнө чекит коймокчу. Ал эми экинчи вариантты сунуш кылгандардын ою- Орусия менен конфедарация түзүү алда канча ыңгайлуу.Анткени жогорку чөйрөдөгү айрым адамдар Казакстанга «младший брат» болууну каалашпайт, Алардын пикиринде кыргыздардын казактарга барып «үкө» болуп калышынын арты жаман кесепеттерге апкелиши мүмкүн. Саясат таануучу Сергей Масаулов мырза, Кыргызстандын алдында турган үчүнчү жолду да айтат. Ал эчкимге кошулбай-этпей эле өлкөнүн өз намысын туу тутуп, өз алдынча өнүгүү жолун издөө. Дүйнөдө кыйналып-кысталып, акыры татынакай кылып келечегин куруп алган өлкөлөр аз эмес. Кыргызстан ошондуктан кыргыз элитасы өз мыктыларын ала-кулага бөлбөй, пайдасыз кер-мур айтышканды токтотуп, түшүп бараткан кемени бир багытты көздөй бурушу керек.

Буга чейин президентке ыктап келген депутаттар Бакиевден оолактай баштады деп билдирди, Кыргыз-орус славян университетинин профессору, белгилүү саясат таануучу Нур Омаров. Анын байкашында парламентте 15 чакты депутат оппозициялык көз карашта, ал эми керек болгондо бийлик тарапка ооп кете бере турган унчукпас депутаттырдын саны 40ка жакын. Бирок кийинки учурда ошол унчукпас депутаттар да өзгөрө баштады. Алар эми президент айткандарды сокур эле эрчий бербестен өз алдынча түтүн булатып, саясый күч катары көрүнүү үчүн аракет кылууда. Бүгүн эл күткөн үмүттү бийлик да, оппозиция да актай албай калды. Мына ушундай жагдай жакын арада саясат аренасына жаң күчтөрдүн келишин шарттайт. «Кыргыз жаңылыктар» булагы менен баарлашуусунда Нур Омаров жаңы саясатчылардын ысымы ушул жыл менен келерки жылдын ортосунда белгилүү болорун айтты.

Ал эми «Фергана Ру» маалымат агенттигине жазган «Кыргыз оппозициясы күзгө карата расписаниесин түздү» деген макаласында «РИА Новостинин» эксперттер кеңешинин мүчөсү Санобар Шерматова, «Бириккен фронт» тарабынан өткөрүлгөн Байтик курултайы оппозициянын мүмкүнчүлүгүнүн өсүшүн көрсөткөндүгүн, апрель митингин кууп таратуу Бакиев менен Куловдун ортосундагы мамилени оңдомок тургай кайра тереңдеткенин, бул деген барып-келип эле өлкөнү кайрадан нааразылык митинги каптайт дегенди билгизээрин, тилекке каршы Кыргызстанда цивилизациялуу сүйлөшүү жолуна түшүү такыр эле болбой жатканын, кыргыз саясатында дагы эле болсо бири бирине таарынуу, өч алуу, ким биринчи экенин далдилдөө сыяктуу курдалбас үстөмдүк кылып келатканын белгилейт байкоочу Санобар Шерматова.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG