Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:51

Орусия президенти Владимир Путин Казакстанга келди


Бүгүн ал Астанада казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, эки президент ушул эле күнү Түркмөнстанга барат. Эртең Түркмөнбашы шаарында үч тараптуу жолугушуу болот. Бүрсүгүнү Путин Казакстанга кайра келип, Актау портунда казак президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда бир катар келишимдерге кол коюлуп, алардын негизгилеринин бири Орусиянын Ангарск шаарында уранды байытуучу биргелешкен илимий борбор түзүү боюнча келишим болоору айтылууда. Маалыматтарга караганда, бул борбордон уранды тынчтык максатында байытууну көздөгөн Иран сыяктуу өлкөлөр да пайдаланса болот. Орус президентинин сапары 15-майда аяктайт.

XS
SM
MD
LG