Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:56

12:26 Бермет Акаеванын доосун Конституциялык Сот кабыл ала элек


Адвокат Икрамидин Айткулов муну Бермет Акаеванын ишенимдүү адамына таандык документтердин атайын үлгүгө салынып жазылбагандыгы менен байланыштырды. Арызды карар-карабасы тууралуу Конституциялык сот эми беш күн аралыгында жооп бериши керек. Бермет Акаева шайлоого чейинки Кыргызстандагы жашоо мөөнөтү тууралуу мыйзамдагы жобону конституциялык эмес деп табууну сурап, Конституциялык сотко кайрылган. Бул аралыкта Бермет Акаеванын ишин Коопсуздук кызматы тергеп жатат. Экс-президенттин кызына Чүй облустук прокуратурасы 24-апрелде Кеминде соттун ишине тоскоолдук кылды, сотту сыйлаган жок жана сот документтерин жок кылууга аракет кылды деген негиз менен кылмыш козгогон. (BuS)

XS
SM
MD
LG