Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдырасулова баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев менен жолугушууга таянып билдирди. Жолугушууда баш прокурордун билдиргенине караганда, Аксы окуясы боюнча мурдагы чечимди жокко чыгаруу Жогорку Сотко сунушталды жана жаңы кылмыш ишин тергөө милдетин мурдагы ишке тиешеси жок жаңы тергөөчүлөр алышты. Адвокат Сыртбай Жайчибеков бул жаы козголгон кылмышты кезектеги тыянаксыз кадамдын бири катары баалады. Укук коргоочулар эки жылдан бери Аксы окуясын кайра баштан териштирүүнү талап кылып келатышат. (BuS)