Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА АКСЫ АЛААМАТЫН КАЙРА ТЕРИШТИРИП БАШТАДЫ


10-майда укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев менен жолугушту. Анда укук коргоочулар Аксы окуясы, 19-апрелдеги окуя боюнча козголгон кылмыш ишти токтотуу же өзгөртүү маселесин көтөрүшкөн. Өз кезегинде башкы прокурор Аксы окуясы боюнча жаңыдан кылмыш иши козголуп жатканын, ал эми апрелдеги митинг боюнча козголгон кылмыш иш өзгөрүүсү ыктымалдыгын билдирген.

11-апрелдеги митингиге чейин «Бириккен фронттун» радикалдык ураандарын айыптап келген укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова жана Азиза Абдрасулова 19-апрелдеги окуядан кийин фронттун активисттери Өмүрбек Суваналиев, Өмүрбек Абдырахманов жана Адилет Айтикеевдин камакка алынышын кескин айыптап, алардын боштондугун талап кылып чыгышкан. Укук коргоочулар ошондой эле 19-апрелде массалык баш аламандык болду деп, кылмыш кодексинин 233 беренеси боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иш козголушуна каршы чыгышкан.

Бул талаптары боюнча алар Башкы прокурор менен жолугушууга арактетенип келишкен. Андай жолугушуу 10-майда болду. Анда кандай маселе коюлганын «Кылым шамы» уюмунун лидери Азиза Абдрасулова «Азаттыкка» маалымдады:

«Аксы окуясын иликтөө эмне болуп жатат деген суроону койдук. Ал боюнча мындай жооп алдык, «Тайфун» операциясы боюнча жаңы кылмыш иш козголуптур. Андан башка биз 19-апрелдеги болгон окуялар жана анын негизинде 233 берене боюнча кылмыш ишинин козголушу боюнча сөз козгодук».

Укук коргоочулар 19-апрелде массалык баш аламандык эмес, айрым бейбаштыктар жана тентектиктер орун алган, ошондуктан 233 эмес, 234 берене боюнча кылмыш иши козголуш керектигин билдирген. Башкы прокурор бул ишти тергөөнүнүн жүрүшүндө берене өзгөрүүсү мүмкүндүгүн айткан. Элмурза Сатыбалдиев ошондой эле укук коргоочулар менен такай жолугушуп турууга даярдыгын билдирген.

Башкы прокуратуранын Аксы окуясы боюнча жаңы кылмыш иш козгоп, Жогорку Соттон мурунку иштерди чакырып алуусу менен Аксы окуясы ачылып, күнөөлүүлөр жазасын аларына ишеним аз дейт адвокат Сартбай Жайчыбеков:

«Анын келечегине ишенич жок. 2002-жылдан бери козголуп, токтолуп келатпайбы. Бул маселе боюнча дагы бир жолу президентке кириш керек. Ошондой ойдобуз. Аксылыктар жакын арада президентке барат го».

19-апрелдеги окуяга келе турган болсок, «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин маалымдоосуна караганда, «Бириккен фронттун» мүчөлөрүн суракка чакыруу уланууда:

«Суракка чакырып атышат. Азыркы кезде төмөнкү деңгээлге түшүштү. Сүрөткө, телетасмаларга тартылгандарды таап алып келип жатышат».

Белгилей кетүүчү нерсе, 19-апрелдеги окуяны бийлик өкүлдөрү «Бириккен фронттун» лидерлери уюштурган деп шектеп жатса, фронтчулар бийлик тарабынан уюштурулган чагымчылар жасады деген пикирде. Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында, бийликтин милдети 19-апрелде бейбаштык кылгандарды аныктап, акыйкатты орнотуу.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG