Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

МАКЕЛЕК ӨМҮРБАЙ: «КЫТАЙДАГЫ КЫРГЫЗ ЖАЗУУЧУЛАРЫНДА КЫРГЫЗСТАНДАГЫДАЙ ПРОБЛЕМАЛАР ЖОК»


Кытай Республикасынын Синьцзян уйгур автоном республикасында 170 миң кыргыз улуттташтарыбыз жашайт. Алар 1 миллиард 300 миллион кытай эли менен 55 улуттун арасында эне тилди жоготпой, сактап келатат. СУАРда жарык көрүүчү «Тил жана котормо» журналынын баш редактору Макелек Өмүрбай уулу учурда Кыргызстанда жүрөт. Макелек Өмүрбай бир эле учурда Жунгодогу (Кытайдагы) «Манас» эпосун изилдөө коомунун баш катчысы, жунго турку тилдер изилдөө коомунун орунбасар катчысы, Шинжан кыргыз тил адабият тарых изилдөө коомунун катчысы. Профессор Макелек Өмүрбай Жалалабатка барганда ага кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимов бир топ суроолор менен кайрылды.

- Макелек Өмүрбай мырза, бул ирет Кыргызстанга кандай максат-тилектер менен келдиңиз?

- Бул жолу Кыргызстанга келгенибиз биз Арабаев атындагы университеттин алдында тил жана маданият институту бар, ошого былтыркы окуу жылында кытай-кыргыз түз котормосунун классын ачканбыз. Мунун каржысын Жонго мамлекети, ошонун ичиндеги улуттар гезити деген бөлүм бар, ошол көтөргөн. Орусча, ханзуча, же кытайча эмес кыргыз тили менен кытай тилин салыштырма классы болгон. Бул ачылганына жарым жылдан ашты, ошонун жунгу, тактап айтканда кытай котормочуларынын теориясынын абалы жана жунгу котормочулар тарыхы боюнча бир ай сабак өткөнү келгенбиз.

- Кыргыз тилине Кыргызстан менен Кытайда жасалган айырмачылыктарды байкай алдыңызбы?

- Азыр кыргыз тилинин ар кайсы жактагы нарк-насылы, анын сөздүктөрү, аталма терминдерин калыптандыруу жагында Кыргызстанда көп күч жумшалып жатыптыр. Ошол жунгу деген аталманы силер кандай деп түшүнөсүздөр? Ошондо 170 миң кыргыздар жашайбыз. Бизге башынан эле Кытай Эл Республикасы курулган 49-жылдан баштап Кытайда жашаган кыргыздарга өзүнүн тил жазуусун колдонуу, аны өзүнүн маданий, жашоо турмушуна колдонууга мүмкүнчүлүк берип жаратып берген. Азыр Кытайда кыргыздардын өзүнчө тил жазуусун башкара турган орган бар. Котормо журналы кыргыздын тилин, жазуусун, котормочулугун изилдейт. Мына ошондон 90 сандан ашуун сан чыгардык. Мунун өзү эмнени белгилейт? Кытай өкмөтүнүн кыргыздардын өзүнүн тил жазуусун өркүндөтүп колдонууга мүмкүнчүлүк бергенинин бир далили катары мен өзүмдүн иштеп жаткан журналдан айтаар элем.

- Кытайдагы кыргыз адабиятында соңку учурларда кандай жаңылыктар болду?

- Кытай кыргыздарынын акын, жазуучуларын азыркы жазма адабиятты түптөөчүлөр дейбиз. Кийинки 80-жылдарда Амантуров Байзак баштаган, Мамат Осалэрги, Бекен Жумаалылар баштаган акын-жазуучулар чыккан. Кызылсуу кыргыз адабияты деген адабият Чжинь-Жань кыргыз адабияты деген адабияттарда ушул акын-жазуучуларынын өзүнүн өнөрүн көргөзүү мүмкүнчүлүк берип атат. Жаш акындардан Абдрахманов Ысмайыл романдарды жазды. Кытайлык кыргыздардын романы бар, түрдүү адабий китептер да бар. Адабият тарыхы деп элдик адабият деген чыгармалардын тарыхы боюнча өзүм китеп жазып чыгардым. Ушуга окшош адабияттын өсүшүнө өбөлгө болгон көптөгөн иш жүрүп жатат.

- Кытайдагы кыргыз акын-жазуучулары чыгармаларын жарыялоодо Кыргызстандагыдай көйгөйлөргө туш болушабы?

- Эч кандай проблема жок аларда. Мен баятадан айткан басмалар акын-жазуучулардын көптөгөн китептерин чыгарып берди. Басма өзүнчө тегирменге окшош нерсе экен. Ал кайсы акындан, кайсы жазуучудан кайсы китеп чыгат деп үлгүртүп берүү маселеси бар. Менин билишимче акын-жазуучулар качан жазып, качан бүткөрө турган болсо биздин азыркы чыгарып бере турган басма сөз шарты бар деп айта алам.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG