Жогорку деңгээлдеги үч тараптуу жолугушууда Владимир Путин, Нурсултан Назарбаев жана Гурбангули Бердумухамедов үч өлкө ортосундагы кызматташтык маселелерин талкууламакчы. Анда негизги маселе түркмөн газын Казакстан жана Орусия аркылуу Европага экспорттоо маселеси каралышы күтүлүүдө. Кечээ орус-казак президенттери Казакстандын мунайын Европага Орусия аймагы аркылуу дагы көп экспорттоо тууралуу макулдашкан.