«Кыргыз руху» гезити публицист Үсөн Касыбековдун Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарынын төркүн-төсүн жиликтеген макаласын жарыялоону улантууда. Макала авторунун пикиринде К.Бакиев башында турган март режими салттуу электрондук жана басма сөз маалымат мейкиндигин толугу менен ээлеп, өз монополиясын орнотконун, эмики кезек салыштырмалуу түрдө бийлик көзөмөлүнөн сырткары турган интернет мейкиндигине, тагыраак айтканда он-лайн басылмаларына көзөмөл орнотууга багыт алгансыганын… баса, Кыргызстанда интернетке чектөө киргизүү демилгесин биринчи болуп ЖК төрагасы Марат Султанов мырза киргизгенин баяндады.
Бир заматта эле бийлиги менен бийлик жыргалынан ажырап калган адам өткөн өмүрүн ыза менен кусасыз эскербей коюшу мүмкүн эместигин, мурдагы мамкатчы О.Ибраимов мырзанын өткөндөгү «Лица» гезитинде жарык көргөн «кусалыктары» аргасыз ушундай ойго түртөрүн, дал ошол Омонакундар бийлеп турган жылдары өлкөдө ЖОЖдор көбөйгөн менен билим деңгээл кургуйга кулап турганын, Осмонакун мырза өзү аныктама бергендей «бүтүндөй кыргыздардын күйөө баласы Адил Тойгонбаев менен Айдар Акаев кантип дардаңдашканын, Кыргызстанда кылт эткендин баары бир үйбүлөнүн колуна топтолгонун… жана дагы ушул өңдүү жүйөлүү жагдайларды эксмамкатчынын эсине «МСН суббота» гезити салды.
«Агым» гезитинин Ош облусу боюнча өз кабарчысы Алишер Токсонбаев «Эл кууган губернатор Акүйгө конду» деген макала жарыялап, жакында эле президент Бакиев тарабынан президенттик админстрациянын уюштуруу иштери жана мамлекетти башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган К. Жолдошев жөнүндө сөз кылат. Автор, Жолдошев 2005-жылдын башында Акаевдин буйругу менен Ош облус губернатору болуп иштегенин, ошол жылдын 20-мартында митингкке чыккан түштүк оппозициясы менен маңдай-тескей олтуруп сүйлөшкөнүн, ошондо губернатор эчкимге тийбөө тууралуу убада бергенин, бирок эртеси таңкы 4төр чамасында генерал Садиев башында турган куралчан жигиттер митингчилерге күтүүсүз кол салып, уруп-согуп, чала өлүк кылып жатканда агездеги жарым пааша Кубанычбек Жумалиев менен Кубанычбек Жолдошев машиналарына түшө качып, облкүч органдарына барып баш калкалаганын белгилеп, 24-мартта нааразылык акциясына катышкандарды аеосуз тебелеп-тепсеп, энесин Үч-Коргондон көрсөткөн Жолдошевдин бүгүн Бакиевдин колтугунан орун алышына бушайман болгон эл ушундай коркок, эки жүздүү, болочогу күңүрт бийликке шаабайлары сууп, ындыны өчүп турганын жазды.
«Жаңы ордо» гезити трайбализм илдети күч алганын, айрыкча бул көрүнүш депутаттардын арасында байкаларын баяндап сокулуктук Жыпаргүл Турсунбаева аттуу айымга сөз берген. Жыпаргүл айым үч жылдан бери депутат Т.Сариевдин жүргүзгөн саясатынан иренжип бүткөнүн, ал турган дачада 150 метр тереңдиктен түтүк менен чыккан таза суу барын, Сариевдин өкүлдөрү келип: «Бул жерге Сариев завод курган жатат, сат» деп жатканын, сатпайм десе «үйүңдү өрттөп жиберебиз» деп ачык эле коркутууга өткөнүн, негизи Сокулукта сырттан келгендерди «сарт менен саяктар кеткиле» деп кодулоо күч алганын айтты.
«Кыргыз туусу» гезити айылчарба илимдеринин доктору О.Дүйшекеев, профессордун милдетин аткаруучу М.Койчуманов, КР улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Э.Мамбетакунов, КММАнын кафедра башчысы Б.Жоробеков, физика-математика илимдеринин доктору А.Исманбаевдин КР президенти К.Бакиевга жазган катына таянуу менен 74 жаштагы карыяжурналист Жанузак Тынаев менен «Кабар» маалымат агенттигинин котормочусу Токтосун Мамбеткуловдун макаласын жарыялады. Анда авторлор 15 жылдан бери ырдалып келаткан Гимндин сөзүн өзгөртүүнү өз жайына койуу керектигин, азыр айрым чөйрөдө Апас Жайнаковдун «Кыргыз жери» деген ырын мамлекеттик гимн катары кабыл алуу маселеси каралып жаткандай сыяктанганын, бул күлкү гана келтирерин, Ыр менен Гимндин, Обончу менен Композитордун, жеке Аткаруучу менен Хордун айырмасын түшүнбөгөн мамлекеттик чиновниктерден жакшылык күтүүгө болбостугун белгилеп, эгер окуя Гимндин текстин өзгөртүү жагына бурулса анда өлкө президентинин беделине шеек келерин, бүтүндөй элдин бетине көө жабыларын кошумчалашкан.
«Заман Кыргызстан» гезити кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, кезинде Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон Кыргыз мамлекетинин түбүн түптөгөн алгачкы мамлекеттик ишмерлердин бири Абдыкерим Сыдыковдун кайгылуу тагдырына арналган макала жарыялады.
Мындан ары карай өлкө турмушундагы саясый окуялар кайсыл нукта өнүгүшү мүмкүн? Мына ушул суроого жооп издеген «Жаң кылым» гезити, оппозициянын оңой-олтоң жеңилип беришин күтпөгөн бийликтегилер ал жеңишти биротоло бекемдеп, оппозицияны экинчи баш көтөргүс кылып койуу жагын ойлоп жатканын, мына ошон үчүн өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмөлөрүнө карабастан репрессивдүү чаралар көрүлүп баштаганын, мындан улам чын эле премьер-министр мырза өзү айткандай жел тегирмендер менен согушуп жаткан Дон Кихот болуп, «чоочун» адамдардын арасында кайрадан жалгыз калганын… жазды.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ