Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНЫН ҮЧҮНЧҮ КҮНҮ КЫТАЙЛЫК, ЖАПОНДУК, МОНГОЛДУК БАЛБАН КЫЗДАР ЖЕҢДИ


10- майда кыз- келиндер арасында эркин күрөштөн Азия чемпионатынын 4 салмак категориясы боюнча таймашууларында кытайлык, монголдук жана жапондук балбан кыздар баш байгени жеңип алышты. Кыргызстандык Яна Панова Азия чемпионатынын коло медалын утту.

10- май күнү Азия чемпионатында кыз- келиндер эркин күрөш боюнча 48, 55, 63 жана 72 кг. салмактагы күч сынашып, чемпиондор аныкталды.

Кыргызстандын намысын жеңил салмакта Айзада Жаналиева кечээ кечинде түштүк кореялык Жанг-Хо-Сон менен коло байге үчүн таймашууга чыгып, жаштык кылып атаандашына алдырып койду.
Бул жеңил салмактын баш байгесин монголдук Инхжаргал Цогтвадрах жеңип, Азия чемпионатынын алтын медалын тагынды. Экинчи орунга тайландык Суниса Клахан ээ болду.

55 кг салмакта кыргызстандык Кубатбек кызы Гүлина да мыкты ийгилик жарата албады. Ал кечээ кечинде казакстандык Ольга Смирновага да утулуп Азия чемпионатынын коло байгесин колдон чыгарды.

Бул салмакта Азия чемпиондугун жапон Йошида Саори финалда кытайлык Су Лихунди утуп, жеңиштин бийик секисине көтөрүлдү.

63 кг салмакта кыргызстандык Сарыгул кызы Элзат да мыктылардын сабына кошула албай калды. Ушул салмакта Азия чемпионатынын алтын медалы үчүн казакстандык Елена Шалыгина менен кытайлык Ху Хайян мөрөй талашып, натыйжада кытайлык балбан кыз ийгиликке жетти.

72 кг салмакта Азиянын көп жолку жеңүүчүсү, 14- жана 15- Азия оюндарынын коло байге ээси Яна Панова бул ирет казакстандык Ольга Жаныбековага алдырып коюп, финалга чыга албай калганы менен монголиялык Наранчимед Гележамц 3:1 эсебинде утуп, коло байгелүү болду.

Азия чемпионатынын көп жолку коло байгесин уткан Яна Панова таймашуулар курч мүнөздө өткөнүн, эми күзүндө Бакуда болчу дүйнө чемпионатында Пекин олимпиадасына жолдомо алууга аракет кылаарын билдирди.

- Азия чемпионатына көңүлдөгүдөй даярдык көрө албадым. Атаандаштарым менден күчтүүлүк кылышты. Эми Бакудагы дүйнө чемпионатында Пекин олимпиадасына жолдомо алуу башкы максатым. Анан Пекиндеги олимпиадалык оюндарда байгелүү орунга жетсем деген тилегим бар,- дейт Яна Панова.

Ушул 72 кг салмакта жапондук балбан кыз Хамадичи Киоко Азия чемпионатынын алтын байгесинин ээси болду. Казакстандык Ольга Жаныбекова ага финалда бир упайга утулуп, күмүш медаль тагынды.

Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчиси Бектур Асановдун пикиринде Бишкектеги Азия чемпионатынын таймашуулары курч мүнөздө өтүүдө.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Сүйүнбек Бекмамбетовдун айтымында Азия аймагында кыздардын эркин күрөшкө кызыгуусу күч алып баратат. “Бирок кыргыз кыздар бул спортко анча маани бербегени өкүндүрөт. Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга мүмкүнчүлүгү бар кыздар бар”,- дейт белгилүү устат Сүйүнбек Бекмамбетов.

11- майда Кожомкул атындагы спорт ордосунда эртең мененки саат тогуздан он экиге чейин кыз- келиндер 51, 59 жана 67 кг салмактар боюнча атаандашууга чыгышат. Мында Кыргызстандын намысын Нурзада Шайлообаева, Юля Борисова жана Асем Иманалиева коргоого аракет кылышмакчы. Мыктылар аныкталган соң кечинде саат алтындан сегизге чейин финалдык беттешүүлөр болот.

Ал эми 12-13 майда грек- рим күрөшү боюнча 2007- жылдын Азия чемпиондору аныкталып, таймашуулар болмокчу.
XS
SM
MD
LG