- Мына азыр Кумтөр алтын кени боюнча келишим Кыргызстан үчүн көбүрөк пайда алып келе тургандай кайра каралмак болду. Парламент болсо мындан ары кетип Кумтөрдү мамлекеттештирүү керек деп айтып жатат. Сиз кандай көз караштасыз?
- Жеке эле Кумтөр эмес бүт кыргыз алтыны жерибиздин, элибиздин байлыгы дегендей иш жасаганга биз милдеттүүбүз. Мурда эле биз Кумтөрдү, Жерүйдү жана башка кендер боюнча маселе козголгондо алтын элибизге кызмат кылсын, элибизди бага турган эл чарбасынын бир тармагы деп айтканбыз. Эми азыркы учурда Кумтөрдү чет жактан келгендер өтө пайдаланып атышат дагы, ал эми элибизге бир тыйын дагы пайдасы түшө элек.
- Демек кандай шарттарда карап чыгыш керек келишимдерди?
- Биз иштеп турган легендарлуу парламенттин сунушу боюнча эч качан чет жакка бербей, сатпай анча-мынча убакыт чойсок дагы өзүбүзгө иш кылышыбыз керек эле. Аны ошол убактагы бийлик укпай койду. Андан кийинки бийликте отургандардын бири дагы унчукпай коюшту, акыры жүрүп отуруп азыр маселе козголгонго аргасыз болуп атат. Улутташтыруу деген маселеси менин оюмча өтө туура. Анткени, Барскоондогу бир ууч иштей тургандардын “жок, ал жака тийбегиле” деген маселеси ката болуп эсептелет. Кыргыз элине кызмат кылыш керек, кыргыз элин багыш керек, улутташтыруу бул өтө туура маселе.
- Бейшен мырза, бирок Кумтөр мисалы күчкө салып улутташтырылса, анда Кыргызстандын келечегине балта чабат деген да ой айтылган. Себеби Кыргызстанда табылган акчанын баары айып пул, жаза төлөөгө кетет?
- Бизге ылайыксыз шартта келишим түзүлүп, алар пайда көрүп атпайбы. Эмне үчүн өзүбүздүн жерибиздеги байлыгыбызды өзүбүздүн элибизге иштегендей шарт түзүп албайбыз. Адегендеги келишимге кол коюлганда кеткен каталыктар боюнча биз убагында көзгө сайып туруп айтканбыз. Биздин сөзүбүздү Акаев да, Жумагулов да уккан жок. Убада берип коюшуп, "мен кол койбойм мындай келишимге" деп туруп, кайра келишимге кол коюп коюшту.
- Улутташтырылса чет элдик инвесторлор бизден такыр кол жууйт дегеним?
- Бир инвестор үчүн эле биз отура бербешибиз керек. Биз бүгүнкү эле күн менен жашабай келечекти карашыбыз керек. Артыбыздагы келаткан балдарыбызга өзүбүздүн коёндон коркоктугубузду көрсөткөнүбүз жакшыбы, же болбосо балдарыбызга бир нерсени жасаганыбыз жакшыбы? Менин оюмча коркуштун эч кандай кереги жок. Инвесторлор келбесе келбесин, бирок өзүбүз аракет кылып, азыр ошол жакта иштеп аткан адистерибизди өздөштүрүп алсак болот. Жакшы иштеп жүргөңдөр толтура.
- Адистер бар болгону менен ошого мамлекетте керектүү каражат барбы? Себеби бул өтө кымбат тармак?
- Мамлекетте керектүү каражаттарды бизге пайда бере турган тармакка жумшашыбыз керек. Калп эле башка жактарга ысырап кыла бербей, алардын дагы көпчүлүктөрү ошол жака кетти демиш болуп алып туруп кээ бирлердин чөнтөгүнө урулуп аткандыгын биз эмне сокур бекенбиз, көрүп турабыз.
- Бейшен мырза Кумтөр менен алгачкы келишим түзүлгөн мезгилге кайрылсак. Эмне үчүн алтын кендери тендер жок мындай эле кетип калган?
- Кетип калганына биринчи күнөөлүү ошол кездеги президент Акаев, ошондогу премьер-министр Чынгышев. Сарыгулов төшүн койгулап жүрөт алтындын иштешине күчүмдү жумшадым, пайда кылдым деп. Мына ошолордун бардыгы күнөөлүү. Биз алтымыш өзгөртүү киргизип туруп, буга кол коюшка болбойт, биздин Кыргызстандын келечегине иштебей турган келишим, келечектеги муун бизди тилдеп жүрүп өтөт дегенге карабай туруп кол коюп коюшту. Жумагулов ачык эле айткан, "мен кол койбойм" деп. Ал аэропортто кетип бараткан жеринен кыстап туруп кол койдуруп алышкан.
- Эмне үчүн легендарлуу парламенттин комиссиясы чыгарган чечимин аткарууга ошол өкмөт баш тартты эле?
- Алардын элибиздин кызыкчылыгынан өзүлөрүнүн жекече кызыкчылыктары өйдөрөөк болуп калган.
- Маегиңизге ырахмат.