Талас мамлекеттик университети менен Ишкерчилик жана социалдык өнүктүрүү институтунун айрым кызмат адамдары студенттерди каттоодо бурмалоого жол берген. Муну Кызматтык кылмыштар менен күрөшүү боюнча башкы бөлүмдүн жана ИИМдин тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери аныктады. Учурда он факты боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. (ZMa)