Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:37

СОМДУН КУНУН УЧУРБАЙ ТУРУКТУУ КАРМАП ТУРГАН ЭМНЕ?


10-майда Кыргызстандын улуттук акчасы сом расмий колдонууга киргизилгенине 14 жыл болду. Ушул окуяга байланыштуу “Азаттык” Улуттук банктын төрагасынын орунбасары Сүйөркул Абдувалитегинди кепке тартып, улуттук валютанын бир нече жылдан бери куну учпай туруктуу деңгээлде сакталып келе жатканынын сырын сурады.

- Биринчиден, бюджеттин, экономиканын, соода-сатыктын абалына жараша ушуга окшогон нерселер келип чыгат. Бизде кайсы себептер менен кармалып келатат? 90-жылдардын башында бизде инфляция болгон. Ошол жылдары бюджеттин абалы аябай эле начар болгон, 17-18 пайызга чейин бюджеттин тартыштыгы жеткен. 92-93-жылдарда Улуттук банктын негизинде ошонун бардыгы каржыланган. Ошонун негизинде миңдеген документтерде инфляция жүрүп, ал учурда улуттук валютанын курсун айтыш кыйын болчу. Улуттук валютаны киргизгенден кийин биздин өкмөт, Улуттук банк курсту өз колуна алды. Акырындап бюджеттин тартыштыгы азайып отурду. Азыр карап көрсөңүздөр былтыркы жылдын тартыштыгы 70 пайыз кем болду. Бул бир аз да болсо бир деңгээлде кармай ала турган мүмкүнчүлүк деңгээл деп эсептесек болот. Андан сырткары соода балансында бизде тартыштык көбөйүп атат. Ошого карабастан бизде төлөө балансы азыр оң мааниде. Ал жерде соода балансы тартыштыкта болсо дагы бизге келип түшүп аткан мигранттардын акчасынын эсебинен, экспорттун көбөйүшүнүн эсебинен жана башкалардын эсебинен төлөө балансы умайым болгондон кийин Улуттук банк акыркы жылдардын ичинде резервин көбөйтүп, ушу тапта болжол менен 870 млн. доллардын тегерегинде болуп калды.

- Сүйөркул мырза, адистер сомдун туруктуулугун сактоого аракет кылган Улуттук банктын саясатын сынга алышат. Буга себеп, алардын айтымында, сомдун туруктуулугу сырттан товар алып келүүгө, башкача айтканда импортко кызыкчылык жаратып, улуттук өнөр жайдын өсүшүнө тоскоолдук түзүп, экономикага терс таасирин тийгизүүдө. Буга эмне деп жооп бересиз?

- Эки маселе бар бул жерде. Биринчиден, Россиядагыдай, Казакстандагыдай бизде экспортко багытталган өндүрүштүк секторлор барбы, жокпу? Ошол эле нефть секторун мунай затты карасаңар, ал жерде жерден алып чыгарылгандан кийин ал канчалык сыртка тартылса, андан түшкөн киреше ошончолук көбүрөөк болуп, ошонун негизинде экспортко өтпөй калды деген күнөө коюшу мүмкүн. Бизде ошондой сектор барбы? Бизде электр энергиясынан башка андай сектор жок. Калган секторду алып карасаңыз. Айыл чарбаны албетте ошондой мааниде сөз кылсак болот. Бирок ошол эле учурда акыркы учурларда сомдун туруктуулугуна карабай Казакстанга, Россияга кетип аткан айыл чарба продукциялардын саны да, көлөмү да өсүп атат. Мисалы картошканын баасы акыркы 2-3 жылда 1-2 эсеге көбөйүп кеткенден кийин каякты карап атасыңар деген маанидеги күнөөлөр коюлуп атат.

- Экспортту өстүрүү үчүн биз өнөр жай ишканаларын көбөйтүп иштетишибиз керек. Бирок мисалы, ишканага банктан кредит алайын десең проценттер өтө жогору. Ушуну кандайдыр бир түшүрсө болобу, же регуляция кылса болобу?

- Мен жанагы сөзүмдү уланта кетейин, экспорт боюнча экинчи маселе бар. Экспортко чыгарылып аткан продукциялар эмненин негизинде өндүрүлүп атат. Мисалы текстилди карасаңар, кездемелердин 90 пайызына чейин сырттан алынып келинет. Краска, ийне, жибине чейин сырттан келет. Мисалы эгер сомдун курсу түшүп кетсе, алардын баасы кымбаттап, сыртка чыгарылып аткан текстил продукциялары өспөй калышы да мүмкүн. Ошол жагын да караш керек. Мен негизинен доллардын курсунун түшүшүнө, же сомдун курсунун көбөйүшүнө каршымын. Бирок ошондой болгон күндө дагы биз азыр келип түшүп аткан транслеттердин эсебинен доллар аябай көп түшкөнүнө байланыштуу биз ошону сатып гана алып жатабыз. Биз сатып албай койсок, анда рынокто такыр эле доллардын курсу төмөндөп түшүп кетмек проценттик ставкалар боюнча. Банктарга жылдан жылга динамиканы карап көрсөңөр, кредиттердин проценттик ставкалары түшүп атат. Бирок биз ойлогондой, кардарлар каалагандай деңгээлге түшпөй атат. Бул келечектин иши. Экинчи жагы бар, мисалы 2-3 киши 10 пайыз менен, бирөө 20 пайыз менен, үчүнчүсү 15 пайыз менен алам деп турса, албетте банкир 10 пайыз менен алам дегенге бербейт. Ошол жагын да карап көрүш керек. Демек экономикада спрос ошол кредиттерге көп болуп атат. Ал эмне себептен болуп атат? Азыр инвестициялар келип түшүп атат. Курулуш жайы, соода-сатык өнүгүп атат. Жылдан-жылга Кытайдан келип аткан импорттун саны аябай чоң темпте өсүп атат. Ошонун бардыгы Кыргызстанда калып атат дегенди билдирбейт, анын бир топ бөлүгү, мүмкүн көбүрөк бөлүгү чет өлкөлөргө кайра эле экспорт менен кетип аткан болуш керек. Ошолордун бардыгын биздин соодагерлер жүргүзүп, кредит алып иштетип, ошолордун негизинен дагы көбөйүп аткан болушу мүмкүн. Себеби банктардын кредиттерин алып караганда, кандайдыр бир көпчүлүк бөлүгү соода-сатыкка дагы кетип атат.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG