Бектемир Акуновдун 20га чукул жакын туугандары бир айдан бери соттук медициналык эксперттин жыйынтыгы чыкпай жаткандыгына нааразы болушту. Чогулгандар менен Нарын облусунун губернаторунун орунбасары Салтанат Эсенаманова, шаар мэри Бейшек Боогачиев, облустук прокурордун орунбасары Майрамбек Акматалиев келип жолугушту. Алар бир ооздон соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы алардын айтканы менен чыкпастыгын, ал бир-эки күндүк иш эмес экендигин билдиришти. Акуновдун биртуугандары бир айдан бери жыйынтык чыкпай атат, карга карганын көзүн чукубайт, атайын кармап жатасыңар деген дооматтарын айтышты. Нааразылык акциясына жалпысынан 80ге чукул адам катышып, бир саатка чукул тургандан соң тарап кетишти. Эскерте кетчү жагдай бириккен фронттун мүчөсү Нарын районунун Ортонура айылынын тургуну Бектемир Акунов 15-апрелде белгисиз жагдайдан Нарын шаарынын ички иштер бөлүмүнүн абагында каза болгон. (JI)