Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:29

Европа Биримдиги Өзбекстанга каршы чектөөлөрдү жумшартуу маселесин караштырууда

Европа биримдигине кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Брюссел шаарында дүйшөмбү күнү Өзбекстанга каршы 2005-жылы жарыяланган чектөөлөрдү улантуу же аны өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алууга тийиш. Биримдикке учурда төрагалык кылган Алманиянын айтымында, чектөөлөрдү жеңилдетсе болот, анткени Ташкен - адам укуктары менен байланышкан маселелер боюнча сүйлөшүүлөргө катыша баштады. Баш кеңсеси Париж шаарында жайгашкан "Чек арасыз репортерлор" уюму Биримдикке кайрылып, чектөөлөрдү күчүндө калтырууга чакырды. Ал чара - 2005-жылдын 13-майында Анджиян шаарында болгон кыргын менен байланыштуу көрүлгөн.
XS
SM
MD
LG