Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Эл аралык инспекторлордун Иранга келишине тоскоолдук түзүлгөн жок дейт Тегеран


Иран жетекчилиги эл аралык байкоочуларды өлкөнүн өзөктүк ишканаларына киргизбей жатат деген маалыматты Тегеран кечээ күнү жокко чыгарды. Атом кубаты боюнча эл аралык агенттиктеги Ирандын өкүлү Али Ашгар Солтанегдин айтымында, андай кызматташууда эч кандай маселе жок. Мурда түзүлгөн келишим боюнча, Агенттиктин инспекторлору алдын ала эскертпестен Иранга келип өзөктүк ишканаларды текшере алат, бирок анте албай жатабыз деп мурда арызданган.

XS
SM
MD
LG