Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

КАЧКЫНДАР АНЖИАНГА КАЙТСАК ДЕШЕТ, БИРОК КОРКУШАТ


Эки жыл илгери Өзбекстандын Анжиан шаарындагы калаймандан жергиликтүү жүздөгөн тургундар коңшулаш өлкөлөргө,айрыкча Кыргызстанга качып өтүшкөн. Алардын көбү кийин качкын статусун алып, Европага жана Түндүк Америкага которулуп кетишкен. Чет элге кеткендердин айрым бөлүктөрү өз жерине кайтып келишти, калгандары болсо эл аралык гуманитардык уюмдардын калканч-камкордугу менен күн көрүп жатышат. Кыргызстанда калган анжиандык качкындардын бирин жакында “Азаттыктын” кабарчысы кепке тартып, анын жашоо жагдайына кызыкты.

Тогбай Раззоков былтыртан бери Кыргызстанда баш калкалап жүрөт. Мындан эки жыл мурда Анжиандын борбордук аянтында аскерлер ок атып, кууп таркаткан аламан элдин арасында ал да болгон. Аман калганына тобо кылып, шаардан кеткен эмес. Арадан көп өтпөй аны бийликтер сурак-сопкутка алып, тергеп-тескей башташкан. Ошондон соң беймарал жашай албасына көзү жетип, акыры коңшулаш Кыргызстанга өтүп кеткенге аргасыз болгон.

Раззоков 60та. Анжианда төрөлүп-өскөн,Өзбекстанда төбөсү көрүнгөн акындардын бири, мектепте мугалим болуп иштеп,эки-үч жылдан соң пенсияга чыксам деп жүргөн. “Пайгамбар жашына келгенде ушинтип өз жер, өлөң төшөктөн айрылып,жумушсуз, ишсиз, бөлөк жер, бөтөн элде минтип тентип-тербип каларым үч уктсам түшүмө кирген эмес эле”,- дейт ал. Ага азыр анжиан качкындарына жардамдашуу үчүн түзүлгөн “Адилет” соопкерчилик уюму каралашат. “Адилет” аркылуу айына эки миң сом беришет, ошого эптеп тааныш-билиштердин үйүндө турам, майда-барат иштери болсо, жардамдашам, ушинтип жашап жатам”,- дейт ал.

Эки жыл мурдагы Анжиандагы окуяларды эскерип, Раззоков 13-майда шаардагы аянтка топтолгон эл саясий эч кандай талаптарды койбогонун айтат. “Трибунада тургандар, башкалар өздөрүнүн оор шарттарын, арыз-армандарын айткан эле адамдар эле. Иш жок, нан-чайга пулубуз калбай баратат, эмне кылабыз, пенсияларбыз аз дегендей талаптарын айтып, сүйлөп жатышкан болчу”, - дейт Раззоков. Ошол маалда аскерлер аларга автоматтан ок жаадырып, атып киришкен.

Өзбек өкмөтү окуяны башкача түшүндүрүп, куралдуу экстремисттер каршылык көрсөттү, кагылыш ошондон тутанды, 200дөй киши набыт болду,алардын көбү козголоң чыгаргандар деп ырастаган.

Раззоковго качкын иретинде Канадага жер которуп кеткенге жакында уруксат беришти. Кыргызстандан ал майдын этегинде жөнөп кетет. Бул жердеги шарт-жагдайына, финансылык каатчылыкка ал даттанбайт. “Айына 50 доллар берсе,бизге ошо деле жетет, - дейт ал. - Бу акчага чай-чамек алып, ага кошумча ”Адилет” берип жаткан макаронго эптеп жан бакса болот, кудайга шүгүр, кайырчылык кылгыдай абалда калганыбыз жок, коңшу-колоңдор, тааныш-билиштер, үй ээси тамак-аштан каралашып турушат, иши кылып, жакшы адамдар арасында өлбөгүдөй болуп жан бакса болот”.

Раззоков Канадага кетсе да Анжианды эстеп, куса болорун айтып, аманчылык болсо, эртедир-кечтир өз шаарына айланып кайра келерине ишенет.

XS
SM
MD
LG