Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:18

14:42 Жогорку Кеңештин алтын комиссиясы өз отчетун парламентке сунуштайт


Бул тууралуу депутаттык комиссиянын төрагасы Болот Шерниязов бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, комиссия өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын сессияда кароону январь айынан бери сунуштап келатат. 14-майда сессия башталганда бул маселе кайрадан коюлмакчы. «4-майдан бери Барскоон айылындагы жол тосууларга комиссиянын эч кандай тиешеси жок», деп белгиледи Шерниязов. Өткөн жылы түзүлгөн депутаттык комиссия Кумтөр, Жерүй жана башка алтын кендерине байланыштуу келишимдерди, кендерди иштетүүнүн шарттарын иликтеп чыккан. (AiT)

XS
SM
MD
LG