Бул тууралуу фронттун активисттеринин бири Эмил Алиев бүгүн билдирди. Анын айтымында, мектепке региондордон чакырылган активисттер келип, адам укугу, мамлекеттик түзүлүш, адам жана мамлекеттин мамилесине байланыштуу маалымат алышат . Активисттерге фронттун лидери Феликс Кулов жана башка саясатчылар, укук коргоочулар маалымат, сабак бермекчи. Окуулар Бишкекте жана Байтик айылында өткөрүлмөкчү. (AiT)
14:54 «Бириккен фронт» дүйшөмбү күндөн тарта “Демократиянын мектеби” аттуу окуу жараянын баштайт