Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

ОРУСИЯ, КАЗАКСТАН ЖАНА ТҮРКМӨНСТАН ЖАҢЫ ГАЗ КУУРУН ЖАТКЫРЫШАТ


Төрөкул Дооров, Москва Түркмөнстандагы Түркмөнбашы деген шаарда Орусиянын, Казакстандын жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары чогулуп, эки маанилүү маселе боюнча мунасага келишти.

Владимир Путин, Нурсултан Назарбаев жана Түркмөнбашы шаарындагы саммиттин кожоюну Гурбангулы Бердымухаммедов келерки жылдын ортолорунан тарта Каспийди бойлоп өтчү газ куурунун жаңы бутагын жаткырууну макулдашышты жана тийиштүү Декларацияга кол коюшту. Президенттер өздөрүнүн өкмөттөрүнө бул боюнча келишимди ушул жылдын сентябрына чейин даярдоо тапшырмасын беришти. Ал куур аркылуу Түркмөнстандан жаратылыш газы Казакстан жана Орусиянын аймактарынан өтүп, Европага таркатылат.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов анын өлкөсү «газды келишимде канча убакыт бою кайсыл көлөмдө жибериш керек болсо, ошол мезгилге чейин үзгүлтүксүз жөнөтүп турат» деп сөз берди.

Ал эми казак президенти Н.Назарбаев бул долбоордун кирешелүү экенине токтолду.

- Казакстан бул чечимди толугу менен колдойт. Биз дайыма газды жана мунайды өзүбүздүн аймак аркылуу ташып өтүүгө макул болуп келгенбиз. Ачыгын айтайын, бул биз үчүн өтө кирешелүү долбоор, - деди Нурсултан Назарбаев.

Орус президенти Владимир Путин болсо саммиттеги мунаса толугу менен Петербургда «Чоң сегиздин» жыйынында коюлган милдеттерге жооп берет деп билдирди. Андан сырткары, Орусия Борбор Азиядагы бул мамлекеттер менен энергетика жаатында кызматташтыкты жандантаарын кайталады.

- Орусия жаңы куурларды жаткырууга эле эмес, Түркмөнстандан газды өндүрүү ишине да инвестиция жасоого даяр. Түркмөнстан биздин бул демилгебизди жылуу кабыл алды. Азыр эле өзүңүздөр уккандай, Казакстан да муну колдойт. Мен мындан эч шек санабайм, - деди В.Путин.

Түркмөнстан Борбор Азияда газ өндүрүү боюнча биринчи орунда турат. Соңку мезгилдерде бул мамлекетте газ чыккан жаңы жерлер табылган, андыктан президент Г.Бердымухаммедов газды башка жактарга жөнөтүү үчүн өлкөгө жаңы куурлар керек экенин билдирген эле.

«Рейтер» маалымат агенттигинин кабарына ылайык, бүгүн түркмөн газынын көпчүлүк бөлүгү базар баасынан алда канча арзан баада Орусияга жөнөтүлөт. АКШ, европалык мамлекеттер жана Кытай түркмөн газын алууга дилгир. Түркмөнстан Батыш менен биргеликте «Транскаспий» долбоору боюнча иштеп, газды Каспий деңизинин түбү аркылуу жаткырылчу куур менен Европага жиберүү вариантын да жокко чыгара элек.

Саммитте кол коюлган экинчи Декларация ушул мамлекеттердин жана Өзбекстандын ортосунда жалпы эле Борбор Азиядагы газды таркатуу ишинде биргеликте кызматташууга байланыштуу болду. Ага өзбек президенти буга чейин кол койгон эле.

XS
SM
MD
LG