Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:13

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Бул жумада өткөн маданий окуялардын орчундуусу бул 9-май улуу жеңиш майрамы. Бул майрам өлкөнүн баардык аймактарында белгиленди.

Бишкекте жеңиш майрамына арналган эскерүү реквиеми Жеңиш аянтында саат ондо башталды. Ага өлкө башчысы Курманбек Бакиев баштаган бир катар өкмөт мүчөлөрү, мекеме жетекчилери, согуш ардагерлери жана шаар тургундары катышты. Эскерүү ревиеми өчпөс отко гүлчамбарларды коюуу аземи жана бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Андан соң өлкө башчысына сөз берилип, ал бул ыйык күндү дайыма чоң толкундануу менен тособуз деп куттуктоо сөзүн баштады.

-Мындан алтымыш эки жыл мурда көптөн күттүргөн жеңиш күнү келген. Бул согуш адамзаттын тарыхында кандуу согуш болуп калды. Биз ар жылы улуу жеңиш күнүн өзгөчө маанайда тосуп алабыз. Кыргыз эли согушта эрдик көрсөткөн уул-кыздары менен сыймыктанат. Алардын элеси биздин жүрөгүбүздө сакталат.

Ушул эле күнү өлкө башчысы улуу ата мекендик согуштун катышуучулары, Советтер Союзунун баатырлары Дайыр Асановго, Степан Сущевге жана «Даңк» ордендеринин толук ээси Мстислав Ивановго жеңил автомашинанын ачкычын тапшырды. Салтанаттын биринчи бөлүгү аскердик парад менен жыйынтыкталды. Ал эми экинчи бөлүгүндө аскердик даамдар тартууланып, өнөрпоздордун концерти менен коштолду.

Шаршембиде “Жаштык” маданият үйүндө 7-балдар музыкалык мектебинин бир жылды жыйынтыктаган концерти болду. Концертте кичине класстарды хор жамааттары, инструменталдык ансамблдер, комузчулар тобу жана бий ансамблдери өнөрлөрүн көрсөтүштү.

№7-балдар музыкалык мектебинин жетекчиси Айзада Маматаипова мындай концертти жылына уюштурушаарын айтып, бул жыл ийгиликтүү жылдардан болду деп баса белгиледи.

Бейшемби күнү “Какса” асосациясы уюштурган кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды. Ага Борбор Азия өлкөлөрүнөн чеберлер келишти. Анда кийизден жасалган ар кандай буюмдар, кийим-кечектер, зергерлердин буюмдары коюлду. Өзбекстандык чебер Венера Калимулина ангор эчкинин тыбытынан жасалган буюмдарын алып келген.

-Мен “Какса” асосациясында бир нече жылдан бери мүчөмүн, алар уюштурган көргөзмөгө үчүнчү ирет катышып жатам. Менин оюмча мындай көргөзмөлөр чеберлер үчүн зарыл нерсе. Себеби бизге жасаган буюмдарыбызды сатканга мүмкүнчүлүк түзүлөт, ошону менен бирге өзүбүз дагы бири-бирибиздин иштерибизди көрүп, тажрыйба алмашабыз.
XS
SM
MD
LG