Бул жеңишти белгилөө үчүн өткөн түнү Белграддын көчөлөрүнө миңдеген адамдар чыгышты. Кубанычы койнуна батпай сүйүнгөн кишилер бийлеп, ырдап, ураан чакырып жатышты. Шаңдуу маанай таң атканча өкүм сүрдү.
Сербиялык ырчынын жеңишин түнгө чейин иштеген серб парламентинин депутаттары да белгилешти. Мекендеш ырчынын жеңиши жөнүндө жарыяланган чакта Парламентте Европаны колдогон өкмөттү түзүү маселеси каралып жаткан болучу. Сербянын премьер–министри Воицлав Коштуница ырчыга жөнөткөн катында Мариянын жетишке жеткенине бүткүл өлкө сыймыктанып жатат, деп билдирди.
"Молитва" деген ырда махабат, адам менен жараткандын ортосундагы байланыш жөнүндө баяндалат. Финляндиянын баш калаасында өткөн мелдештен кийин сүйлөгөн сөзүндө ырчы Мария Шерифович бул окуя Сербиянын музыка дүйнөсүнө эле эмес, бүткүл Сербия үчүн жаңы барак ачып жатканын жана буга чексиз сыймыктанарын айттты.
Евровидененин Хельсинки шаарында өткөн мелдешинде украиналык ырчы Верка Сердючка экинчи орунга жана Россиянын "Серебро" деген ырчылар тобу үчүнчү орунга чыкты. Өткөн жылкы мелдешти фин рокерлери жеңгендиктен быйылкы мелдеш Финляндияда өткөрүлдү. Келерки мелдеш Белградда болмокчу.
Евровидениенин эң алгачкы мелдеши 1956-жылы Швейцарияда өткөрүлүп, ага болгону 7 мамлекеттин ырчылары катышкан.