ИЗМИР. Түркияда секулярдык мамлекеттин тарапкерлеринин демоанстрациялары уланууда. Бүгүн Измир шаарындагы митингдерге жүз миңден кем эмес адам чыкты. Жарандар премьер Режеп Тайып Эрдоган баштаган өкмөттүн өлкөнү тымызын исламдаштыруу аракеттерине каршылык билдирип жатышат. Апрель айында ушундай эле демонстрациялар Анкара жана Стамбул шаарларында өткөрүлдү. 22-июлда Түркиянын парламентине эрте шайлоо өткөрүлөт.