БАГДАД. Ирактын түндүгүндөгү Махмор шаарында жүк ташыган автомашиненин жарылуусунан бери дегенде 30киши курман болуп, 50 чакты киши жаркат алды. Бийликтер жабыркагандардын саны көбөйөт, деп кооптонуп жатышат.Миналанган машиненин жарылуусанан шаар акимчилигинин жана Күрт Демократиялык партиясынын имараттарына зыян келтирилди. Жарадар болгондордун ичинде шаар акими да бар.