Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

АРМЕНИЯДАГЫ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООДО ПРЕЗИДЕНТТИК ПАРТИЯЛАР УТТУБУ?


Муса Мураталиев, Москва Кечээ, Арменияда парламенттик шайлоо өткөн. Бүгүн чыгарылган жыйынтык боюнча беш партиянын талапкерлери парламентке депутат болуп шайланышкан. Алдыңкы орунга 35 пайызга чукул добуш алып, Жумурияттык партия чыккан. Экинчи орунга 15 пайызга чукул добуш жыйнап, «Гүлдөгөн Армения» партиясы чыккан. Үчүнчү орун бийлик партиясынын колдоосун тапкан «Дашнакцутюн» партиясына тийген. Тизменин аягына опозициялык, «Мамлекет жана мыйзам» ошондой эле «Мурас» партиялары илинишкен. Кийин келген маалымдоолорго караганда оппозиция шайлоонун өтүшүндө мыйзам бузуулар болгондугун бетке кармап, нааразылык акцияларын өткөрүшмөкчү.

Советтер Союзу кыйрап, анын аймагында 1991-жылы күнкорсуз жаңы мамалекеттер жаралгандан бери Арменияда ушуну менен төртүнчү жолу парламентти шайлоо өткөн. Ал өлкө БШКсы маалымдаганга караганда ага калктын 59,4 пайызына чукулу катышкан.

Ат салышууга 22 партиядан жана бир блоктон 1245 талапкерлер катышкан. Парламентте партиялар ээлөөчү 90 орун жана бир мандаттуу депутатар ээлөчү 41 орун бар.

Алдыда келаткан эки партияны анализчилер, куду орусиялук «Бирдиктүү Орусия» жана «Адилеттүү Орусия» партиялары сыңары заты бийликтик дешет. Ошондуктан бул жолку шайлоодо еревандык бийлик оппозиция менен эмес эле өзү түзгөн эки күчүнүн арасында талаш уюштурган дешет. Орусиялык анализчи Вадим Дубновдун айтканына караганда армяндык жана орусиялык саясий алкакта жасалып аткан аркеттер көп жагынан окшош, эмне дегенде Армения менен Орусия стратегиялык өнөктөш өлкө. Бирок ал үчүн башка кошуна өлкөлөрдөгү ички саясий жагдай кызыктуураак:

«Азербайжандагы ички саясий абал кызыктай. Грузияда да кызыктай. Кыргызстанда бир же жарым жылда бир кызык болуп турат. Ал эми Арменияда эч нерсе болбойт» - дейт ал.

ИНТЕРФАКС билдиргенге караганда Ереванда шайлоонун жүрүшүнө ичи чыкпаган оппозиция нааразылык актыларын өткөрүүнү байкаштырып атат. Бирок, андай аркеттен дурус майнап чыкпасы туурасында саясий талдоочу Александр Искендарян «Азаттыктын» кабарчысына айткан:

- Бул армиян саясий маданиятынын бир бутагы. Митинг болот. Көчөгө көп эл чыгат. Бирок алар бир же бир нече аптадан кийин өздөрү басылышат. Эмне дегенде Арменияда шайлоордон улам эле түстүү ыңкылап чыгарып ийгидей күч жок.

XS
SM
MD
LG