Алдын ала эсептөөлөргө караганда, өткөн ишембидеги шайлоодо премьер-минстр Серж Саркисьяндын Республикалык партиясы 40 пайыздай добуш менен алдыга чыкты. Андан кийинки орундарды да бийликчил эки партия алган. Оппозициялык эки партия болсо тизменин акыркы сабына илинген. Оппозиция шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтууда. Ал эми эл аралык байкоочулар добуш берүү негизинен демократия талаптарына ылайык өткөнүн билдиришүүдө.