Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:50

12:44 Бүгүн Кыргызстанда калкты витаминдештирүү иш-чарасы башталды


Беш күнгө созула турган иш-чаранын жүрүшүндө 6 айдан 5 жашка чейинки балдарга жана жаңы төрөгөн аялдарга А витамини берилмекчи. Бул витаминдин жетишсиздигинен улам организм инфекциялар менен күрөшө албай калат жана көз ооруларына дуушар болот. Ушул жылы ЮНИСЕФ өлкөгө балдар үчүн 128 миң, аялдар үчүн 866 миң капсула жиберген. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, учурда дүйнө жүзү боюнча 275 миллион адам А витамининин жетишсиздигинен жапа чегет. Жыл сайын бул витаминдин жетишсиздигинен 1 миллиондон 3 миллионго чейин ымыркай көз жумат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. (ZMa)

XS
SM
MD
LG