Бул тууралуу каржы министрлигинен бүгүн кабарлашты. Кыргыз тараптан комиссияны каржы министри Акылбек Жапаров, ал эми украин тараптан каржы министринин орун басары Вадим Копылов жетектемекчи. Өкмөт аралык комиссиянын жыйынында эки өлкөнүн соода –экономикалык кызматташуусуна байланыштуу маселе каралат. Украина Кыргызстанга 28 миллион доллар карыз. Бирок Киев аны моюнга алуудан баш тартып келет. Кыргызстан буга байланыштуу Украинанын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсүнө макулдук бербей келатат. (AiT)
16:19 15-майда Достук мейманканасында кыргыз-украин өкмөт аралык комиссиянын экинчи жыйыны болот